Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:11

Сот Навальныйды беш жылга кести


Оппозиционерди сот өкүмүнө бир күн калганда Москванын мэрлигине талапкер катары катташты, 17-июль, 2013
Оппозиционерди сот өкүмүнө бир күн калганда Москванын мэрлигине талапкер катары катташты, 17-июль, 2013

Орусиянын Киров шаарындагы Ленин райсоту оппозициялык лидер Алексей Навальныйды беш жылга кескен өкүм чыгарды.


Бүгүн Орусиянын Киров шаарында Ленин райондук соту оппозициялык лидер Алексей Навальныйды беш жылга кесип, бул мөөнөттү жалпы тартиптеги абакта өтсүн деген өкүм чыгарды. Навальныйды жана аны менен кошо соттолгон ишкер Петр Офицеровду сот залынан камакка алып кетишти.

Ишти караган судья Сергей Блинов кечээ Навальныйдын "бул иш саясый куугунтук" деп айтканы негизсиз экенин билдирген болчу. Бүгүн Навальный "башка бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлкүн коротуп уурдоону уюштурган" деп соттолду. Өткөн жумада айыптоочу оппозициялык активистти “Кировлес” ишканасын уурдап-тоноого катышы бар деген айып менен алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Кечээ болсо Алексей Навальный Москванын мэрлиги үчүн ат салыша турган алтынчы талапкер катары катталган. Ага чейин бул кызмат үчүн 8-сентябрга белгиленген эрте шайлоого “Яблоко”, ЛДПР, коммунисттер, “Акыйкат Орусия” партияларынан өкүлдөр жана ушул мезгилге чейин баш калаанын башчысынын милдетин аткарып келген Сергей Собянин талапкер болуп катталышкан.

Москва шаардык шайлоо комиссиясы Навальный боюнча чечимди ага Кировдо сот өкүмүн чыгарат дегенге бир күн калганда кабыл алды. Комиссиянын алдынан журналисттерге сүйлөп жатып, Навальныйдын расмий өкүлү Леонид Волков: "Биз азыр оппозициялык да, Кремлдин да, айтор бардык эле социологиялык сурамжылоолордон көрүп жатабыз: талапкер Навальный экинчи орунда турат, ал азыр мэрдин милдетин аткарып жаткан Сергей Собянинге реалдуу талапкер боло турган жалгыз адам", - деди.

Шайлоо комиссиясынын өкүлү билдиргендей, непада сот Навальныйды айыптаган өкүмүн чыгарса жана ал шайлоо күнүнө чейин күчүнө кирсе, анда оппозиционер шайлоого катыштырылбайт.

Алексей Навальныйдын колдоочулары жана активист өзү ага тагылган айыптарды “саясий себептер менен гана болду” деп билишет. Навальныйды 2009-жылы “Кировлес” компаниясынан жарым миллион долларлык мүлктү уурдаган деп айыпташууда.

Москвада мэрди шайлоо 2015-жылы өткөрүлөрү айтылган. Бирок 4-июнда Москванын Коомдук палатасынын жыйынында Собянин мэрди мөөнөтүнөн мурда шайлоо демилгесин көтөргөн. Эртеси күнү эле президент Владимир Путин анын кызматтан кетүү боюнча арызына кол койду.

Собянин шайлоого өзүнүн гана атынан чыккан талапкер катары катышып жатканына карабай, бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы анын талапкерлигине колдоо көрсөтөөрүн бышыктады.

Азыр аналитиктер Москва шаарынын башчысын шайлоодо күрөш эки гана талапкердин ортосунда боло турганын, ага Собянин менен Навальный гана чыгышы мүмкүн экенин айтып жатышат.

Бирок бүгүн Кировдо сот Навальныйды айыптаган өкүм чыгарып калса кандай болот?

Андай учурда 10 күндүн ичинде адвокаттар бул чечимди жокко чыгарууну суранган доо арызын жазышы керек, андан ары Киров облустук сотуна ал арыз боюнча чечимин чыгарууга дагы бир ай берилет.

Ошентип бүгүнкү чечим көп жагынан маанилүү болгону турат. Ошон үчүн Кировго соттун чечимин чагылдырыш үчүн агылган журналисттер, саясатчылар жана коомдук ишмерлердин саны артты.
Алексей Навальныйдын ишмердүүлүгүндөгү негизги окуялар (орус тилинде)

  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG