Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Орус бийлиги Навальныйдын абалы тууралуу маалымат берди


Алексей Навальный сот залында.
Алексей Навальный сот залында.

Орус бийлиги абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын саламаттыгы «канааттандырарлык» экенин жарыялады. Жаза аткаруу федералдык кызматы «Интерфакс» агенттигине Навальный жазасын өтөп жаткан абакта өз каалоосу менен медициналык кароодон өткөнүн билдирген. Анын жыйынтыгында саясатчынын саламаттыгы туруктуу жана канааттандырарлык экенин кошумчалаган.

24-мартта саясатчынын адвокаттары анын саламаттыгы начарлап кеткенин айтып чыгышкан. Алардын маалыматы боюнча, өткөн аптанын соңунан бери оппозиционердин бели катуу ооруп жатат. Адвокаттар колониядагы Навальныйга кире албай жатышканын да билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматынын саясатчынын абалы боюнча расмий маалыматы оппозициянын тарапкерлерин ынандырган жок. Алар өлкө боюнча чоң масштабда митинг өткөрүүгө даярданышууда.

Орус бийлигинин башкы сынчысына айланган Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келген соң кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылдагы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен өкүмдү күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында отурат.

XS
SM
MD
LG