Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:30

Баткенде мыйзамсыз күйүүчү май ташыгандар кармалды


Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган автоунаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.
Күйүүчү май ташууга ылайыкташтырылып жасалган автоунаа. Баткен. Март, 2021-жыл. Сүрөт УКМКга таандык.

Лейлек районундагы «Коргончо» чек ара бөлүгүндө күйүүчү майды алып өтүүгө аракет жасаган коңшу республикалардын биринде катталган эки «Хюндай-Старекс» автоунаасы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кабарлады.

24-марта катталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 39-358-беренесинин 1-бөлүмү менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү башталды.

“Кармалган автоунаалар күйүүчү май ташууга ыңгайлаштырылган контейнерлер менен жабдылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзөт”, - деп жазылган УКМКнын маалыматында.

Лейлекте ушундай эле факты март айынын башында да катталган. Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аткезчилик жол менен 40 тоннадан ашуун күйүүчү май чек арадан чыгарылып баратканда кармалган. Автоунаалар коңшу өлкөнүн жаранына таандык болгону жана Кыргызстандын мамлекеттик номурларын мыйзамсыз колдонуп жүргөнү аныкталган.

Өкмөт 2-мартта Кыргызстандан күйүүчү майды ЕАЭБдин алкагынан тышкары сатууга убактылуу чектөө киргизген. (MiK)

XS
SM
MD
LG