Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

Жапаров аткаминерлердин акчасы боюнча электрондук базаны тез арада түзүүнү талап кылды


Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик каржылык чалгын кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды (солдо). Оңдо президенттик аппараттын башчысы Сүйүнтбек Касмамбетов.
Президент Садыр Жапаров Мамлекеттик каржылык чалгын кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбековду кабыл алды (солдо). Оңдо президенттик аппараттын башчысы Сүйүнтбек Касмамбетов.

Мамлекеттик кызматта иштегендердин каржылык абалын көзөмөлдөп туруучу атайын маалыматтык электрондук база тез арада түзүлүшү керек. Мындай талап 25-мартта президент Садыр Жапаровдун Мамлекеттик каржылык чалгын кызматынын төрагасы Канатбек Тургунбеков менен жолугушуусунда коюлду.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, жолугушууда кылмыштуу жол менен табылган кирешени адалдоо аракеттерине жана террорду каржылоого каршы натыйжалуу чаралар көрүлүшү керек экени белгиленди.

Ишкерлер менен кызматташтыкты бекемдеп, таза жана ачык башкарууну, Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырууну камсыз кылуу, өлкөдөн мыйзамсыз жана кылмыштуу жол менен чыгарылып кеткен активдерди издөө жана кайтарып келүү боюнча ишти жакшыртуу зарылдыгы айтылды.

Канатбек Тургунбеков Кылмыштуу кирешени адалдоого жана каржылык терроризмге каршы евразиялык топтун жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын бул жааттагы рейтинги 13 багыт боюнча жакшырганы айтылганын билдирди.

Өкмөттүн “Юридикалык жактардын бенефициардык ээлеринин электрондук маалымат базасы жөнүндө” жобосу 2018-жылы кабыл алынган.

Кыргызстанда өмүр бою айлыгы көп эмес мамлекеттик кызматтарда иштеп жүрүп кымбат баалуу мүлккө ээлик кылгандар көп жана алар боюнча ар түрдүү териштирүүлөр жүргүзүлүп келет. (RK)

XS
SM
MD
LG