Өкмөт үйүнүн алдында ушу тапта Бишкектин четиндеги “ТЭЦ-2” конушунда жашаган жүздөн ашуун адам чогулуп турат. Алар курулган үйлөрүн мыйзамдаштыруу маселеси 15-16-жылдан бери чечилбей жатканын, өкмөт 400 түтүндү башка жакка көчүрүшү ыктымал экенин айтууда.
Митингчилер колуна ""ТЭЦ-2" конушун мыйзамдаштырып бериңиз!”, “Мыйзамдуу мамлекетте жашагыбыз келет!”, ""ТЭЦ-2" конушунда 6000ден ашуун карапайым эл жашайбыз” деген жазууларды кармап турушат жана президент Садыр Жапаровго кайрылган ураандарды айтып жатышат.
Акцияга чыккандардын айтымында, алар менен өкмөттүк аппараттын бөлүм башчысы сүйлөшүп, 400 үй-бүлөнү көчүрүү тууралуу маалымат чындыкка жатпай турганын билдирди.
Бишкектин четинде элүү чакты жаңы конуш бар. Алардын көпчүлүгүнүн инфраструктуралык маселеси чечилген эмес жана курулган үйлөрдүн документтери жок. (RK)