Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:36

Марипов: түндүк-түштүк жолундагы иштин 9% гана аткарылган


Премьер-министр Улукбек Марипов түндүк-түштүк альтернативдүү жол курулушунда жергиликтүү эл менен жолугушууда. 2021-жылдын 24-марты.
Премьер-министр Улукбек Марипов түндүк-түштүк альтернативдүү жол курулушунда жергиликтүү эл менен жолугушууда. 2021-жылдын 24-марты.

Премьер-министр Улукбек Марипов түндүк-түштүк альтернативдүү жол курулушундагы 3 жылга пландалган 70% иштин 9% гана аткарылганын айтып, “тендерде жеңген компания өз милдеттерин тийиштүү деңгээлде аткарган эмес” деп сындады. Бул тууралуу өкмөт башчы Нарын облусунун Жумгал районуна барган учурда билдирди. Ал жол курулушу менен таанышып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Марипов жол курулушуна тийиштүү министр жеке жоопкерчилик аларын белгиледи:

"Жаңы тендер өткөрүлөт. Жолдун курулушун жеке көзөмөлүмө алам. Транспорт, архитектура, курулуш жана байланыш министрлигинин алдында ишти тездетүү жана бардыгын өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо милдети турат. Министр бул үчүн жеке жоопкерчилик алат",- деди Улукбек Марипов.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун "Эпкин-Башкууганды" тилкесинин курулушун жүргүзүп жаткан ишканага 2020-жылдын ноябрь айында шарттарды бузгандыгы үчүн келишимди токтотуу тууралуу билдирүү жөнөтүлгөн. Учурда жаңы ишкана тандоо үчүн тендер өткөрүүгө даярдык жүрүп жатат.

"Балыкчы–Кочкор–Чаек–Арал–Казарман–Жалал-Абад" багытындагы 433 чакырымдык жол Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң ири долбоорлордун бири .

Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. 2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы менен Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары.

Кытайдын «China Road & Bridge Corporation» корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери 3 фазага бөлүнгөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG