Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:33

Быйыл «Түндүк-Түштүк» автожолунун тогуз чакырымы курулду


Тогуз-Торо.
Тогуз-Торо.

Быйыл жыл башынан бери «Түндүк-Түштүк» альтернативдик автожолунун тогуз чакырымы курулуп бүттү. Бул тууралуу 30-октябрда Транспорт жана жол министрлигинин коллегиясынын тогуз айдын жыйынтыгы боюнча отурумунда айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, быйыл республиканын аймагында жалпысынан беш автожол долбоору боюнча 143 чакырымга асфальт төшөө пландалган. Бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам бул пландын көрсөткүчү 92 чакырымга чейин кыскартылган, бүгүнкү күнгө карата анын 62си төшөлдү.

Быйылкы жылдын июнь айындагы маалыматка караганда, долбоордун 76% аяктаган.

Балыкчы – Кочкор – Чаек – Арал – Казарман – Жалал-Абад багытындагы 433 чакырымдык «Түндүк-Түштүк» жолу Кыргызстандын эгемендикке ээ болгондон берки эң дымактуу долбоору катары айтылып жүрөт. Анын 200 чакырымга жакыны жол такыр түшө элек тилкелерден өтөт. 2014-жылы башталган, жалпы наркы 850 миллион долларлык долбоордун инвесторлору – Кытайдын Эксимбанкы жана Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банктары. Кытайдын «China Road & Bridge Corporation» корпорациясы жүргүзүп жаткан курулуш иштери үч фазага бөлүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG