Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:10

Жумгалда тургундар түндүк-түштүк жолунун сапатына нааразы болуп чогулушту


Тогуз-Торо району. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу.
Тогуз-Торо району. Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу.

23-июлда Жумгал районунун Куйручук айылынын жанынан өткөн түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапатына нааразы болуп жыйырмадан ашуун жергиликтүү тургун чогулду. Марат Оторбаев аттуу “Фейсбук” колдонуучу койгон видеодо чогулгандар саздак жердеги жол курулушунда тийиштүү технология колдонулбай жатканын айтып жатышат.

“Жаштар көтөргөн маселени эң туура деп эсептейм. Бул жердин саздак экенин баарыбыз билебиз. Эч кандай технология колдонулган жок. Жолду туурасынан чоңойткондо болжол менен 10 метрдей сазга кирди. Дренаж жок, суу турат. Эртең чөгүп кетпейт деп ким кепилдик берет?”, - деди тургундарды бири.

Чогулгандар “эски асфальт айыл ичиндеги жолдорду оңдоого жумшалат” деген убада аткарылбай жатканын да айтышты. Видеодо жол салып жаткан ишкананын өкүлүмүн деген киши курулуш иштери долбоордо көрсөтүлгөндөй жасалып жатканын түшүндүрүүдө.

Жумгал районунун акими Адыл Сапаров райондо түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушунун сапаты боюнча талаптар буга чейин эле айтылып келгенин “Азаттыкка” билдирди. Сапаров Куйручук айылынын тургундарынын талабын тийиштүү органдарга жеткирүүгө убада берди.

“Бул жолу Жумгал районунун Куйручук айылында иштеп жаткан италиялык компаниянын саздын үстүнө шагыл төгүп жатканын көргөн жергиликтүүлөр нааразы болуп чогулушту. Анткени Жумгал районунда жайгашкан Кара-Кече көмүр кенинен КамАЗдар көмүр ташып өтүшөт. Жаңы оңдолгон жол бат эле жарабай калбашы керек. Эл чогулганда мен иш сапар менен Нарын шаарында жүргөм. Эртең жол куруп жаткан компаниянын өкүлдөрү менен жолугуп, элдин талабын жеткирем”.

Акимдин маалыматына ылайык, Куйручук айылынын тургундары түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун 89,5-159,2 чакырымындагы курулуштун сапатына нааразы болуп жатышат. Бул тилкени италиялык Todini Costruzioni Generali Company ишканасы куруп жатат.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Автожолду 2023-жылы пайдаланууга берүү пландалган. Дээрлик 500 млн. долларга бааланган кара жолдун жалпы узундугу 433 чакырым. (TSh)

XS
SM
MD
LG