Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:58

Мурдагы министр Сулаймановдун кылмыш иши төрт жыл мурда токтотулганы белгилүү болду


Нурлан Сулайманов.
Нурлан Сулайманов.

Мурдагы транспорт жана жолдор министри Нурлан Сулаймановго карата козголгон кылмыш иши 2016-жылы токтотулган. Бул тууралуу 18-сентябрда «Азаттык» радиосуна Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына ылайык, бул иш 2016-жылдын 22-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунун токтому менен «жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кетти» деген негизде токтотулуп, Сулайманов кылмыш жообунан бошотулган.

Шаардык сот бул чечимди ошол эле жылдын 26-сентябрында күчүндө калтырган.

Башкы прокуратура Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Анда ал Жогорку Кеңештеги «Ата Журт» фракциясынын депутаты болчу. Ага Жазык кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси боюнча айып коюлган.

Сулайманов депутаттык мандатын таштап, өлкөдөн качып кеткенине байланыштуу 2014-жылы Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен издөө жарыяланган.

Башкы прокуратура 2018-жылы Сулайманов издөөдө болгондуктан, кылмыш иши убактылуу токтотулганын билдирип, кармалса камакка алынарын, иши сотко өткөрүлө турганын жарыялаган.

Издөө жарыялоо тууралуу чечим качан жокко чыгарылгандыгы тууралуу маалымат берилген жок.

Азыркы тапта Сулайманов «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого баратат.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) аны депутаттыкка талапкер катары каттабай койгонго негиз жок экенин билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы издөөдө жүрүп, эми талапкер катары катталган Сулаймановдун кылмыш иши тууралуу толук маалымат жок экенин билдирген. (RK/KJ)

XS
SM
MD
LG