Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:18

Акыркы үч жылда коррупцияга байланыштуу 6541 иштен сотко 965и гана жиберилген


Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун 17-сентябрда Коопсуздук Кеңешинин жыйынында билдиргени боюнча, прокуратура жана башка укук коргоо органдары тарабынан 2018-2019-жылдары жана 2020-жылдын сегиз айында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине коррупцияга жана кызматтык кылмыштарга байланышкан 6 541 факты катталып, сотко чейинки териштирүүгө алынган.

Анын ичинен 1 576 жазык иши боюнча тергөө аяктаган. Соттук кароого 965 жазык иши жөнөтүлгөн. Мунун ичинде 2018-жылы 391, 2019-жылы 344, 2020-жылдын сегиз айында 230 иш. Бул жылдарда кызматтык жана коррупциялык кылмыштарга байланышкан жазык иштер боюнча мамлекеттик бюджетке беш миллиард 826 миллион сом өндүрүлгөн. Ал эми 2,5 жыл ичинде кызматтык же коррупциялык кылмышы үчүн айыпталган 648 адам сот жообуна тартылган. Булардан соттун өкүмдөрүнүн негизинде 334 миллион 519 миң сом өндүрүлгөн.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин ишке ашыруу жана прокуратурадагы коррупцияны жоюу үчүн көзөмөл органынын бардык бөлүмдөрунө видео байкоо орнотулганын кошумчалады.

Айрым эксперттер коррупцияны тыюуга онлайн видеокөзөмөл орнотуу, санариптештирүү жетишсиз деп эсептешет. Алар тармактардагы коррупция жогорку бийликтин көз жумду мамилесинен улам азайбай, тескерисинче көбөйүп жатканын белгилешүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG