Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Европарламент Лукашенкону Беларустун президенти катары тааныбайт


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Европарламент Александр Лукашенконун президенттик мөөнөтү 5-ноябрда бүткөндөн кийин аны Беларустун мамлекет башчысы катары тааныбайт. Евробиримдиктин мыйзам чыгаруу органынын мындай мазмундагы резолюциясы 17-сентябрда кабыл алынды. Европарламенттин Беларустагы кырдаалга байланыштуу төртүнчү резолюциясын 574 депутат колдосо, 38и каршы, 82и калыс болду.

Депутаттар Европа кеңешинин буга чейин жарыяланган позициясын ырастап, Беларустагы 9-августта өткөн президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын белгилешти. Буга шайлоонун одоно мыйзам бузуу менен коштолгонун жүйө келтиришти.

Беларуста президенттик шайлоонун жыйынтыгын кескин сынга алган жана президент Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган жүрүштөр токтобой жатат. Александр Лукашенко 16-сентябрда АКШны, Борбордук жана Чыгыш Европадагы айрым өлкөлөрдү жана Украинаны Беларусту «жок кылуу боюнча сценарий даярдап, ишке ашырууга аракет кылган» деп айыптап чыкты.

XS
SM
MD
LG