Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Мурдагы элчи Аттокуров Орусиянын да, Кыргызстандын да жараны экенин айтты


Раимкул Аттокуров.
Раимкул Аттокуров.

Мурдагы элчи, Кыргызстанда «Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатканын айтты» деген Раимкул Аттокуров - эки өлкөнүн тең жараны. Муну мурдагы элчи «Азаттыкка» өзү билдирип, Советтер Союзунан кийин жаңы паспорт алгандарга жол берилерин белгиледи:

«Биз орус жарандыгын расмий түрдө алган эмеспиз. Союз кезинде келгендер ошо бойдон калып калышкан. Кыргыз жарандыгын президентке арыз жазып кабыл алгам, Союздан кийин. Азыр Кыргызстандын да, Орусиянын да жаранымын. Биздин мыйзам боюнча буга уруксат берилет. Ооба, эки өлкө ортосунда кош жарандык тууралуу келишим жок, бирок Союз кезинде жарандык алгандар кийин орус жарандыгы менен калып калган. Кийин кыргыз жарандыгын алгандар да бар. Алар мыйзам чегинде калат деген ченем бар».

Аттокуровдун «Правда.ру» сайтына жарык көргөн маеги 10-сентябрда жарыяланган. Анда ал «азыр көптөгөн кыргыздарда Орусиянын курамына республикалардын бири катары кириш үчүн Орусия Федерациясына кайрылуу тууралуу ойлору пайда болууда» деп айтканы жазылган.

Мурдагы элчинин бул маеги кыргыз коомчулугунда кызуу талкуу жараткан. Бирок ал өзү орус басылмасы анын айткан сөздөрүн бурмалап койгонун билдирген.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги «Аттокуров орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана айткан» деп билдирген.

Раимкул Аттокуров 2007-2010-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.

2019-жылдагы маалыматка караганда, Орусияда бир миллион 200 миң кыргызстандык бар, алардын 500 миңдейи орус жарандыгын алган. (RK)

XS
SM
MD
LG