Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Бишкекте Раимкул Аттокуровго каршы пикет өттү


Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун экс-элчи макамынан ажыратууну талап кылып пикет өткөрдү. Ал 17-сентябрда талабы жазылган плакатты көтөрүп, Тышкы иштер министрлигинин алдында турду.

«Аттокуров экс-элчи макамынан жана ага тиешелүү бардык жеңилдиктеринен ажыратылышы керек. Аны «персона нон-грата» деп жарыялоону да талап кылам», -деди Токтонасыров.

Раимкул Аттокуровдун орус басылмаларынын бирине «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деп айтканы жарыяланган. Коомчулукта экс-элчинин мындай сөзү «өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылык», «чагымчылдык» деген сынга кабылып, кызуу талкууланууда.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги «Аттокуров - орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген» деген билдирүү таратты. Аттокуров өзү орус басылмасы анын айткан сөздөрүн бурмалап койгонун «Азаттыкка» билдирген.

Раимкул Аттокуров 2007-2010-жылдары Кыргызстандын Орусияда толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. Учурда эки өлкөнүн тең жарандыгын алып жүрөт. (AiN/SE)

XS
SM
MD
LG