Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Раимкул Аттокуровду экс-элчи макамынан ажыратуу жөнүндө талап жаңырды


Раимкул Аттокуров.
Раимкул Аттокуров.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун «Кыргызстанда Орусияга кошулуу маселеси талкууланууда» деген сөзү үчүн аны экс-элчи макамынан ажыратууну укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров талап кылууда.

Ал мындай талабы менен бүгүн, 17-сентябрь күнү Тышкы иштер министрлигинин алдына пикетке чыкмакчы. Укук коргоочунун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, ТИМ мурдагы элчинин мындай аракетине баа берүүгө тийиш:

«Аттокуров экс-элчи макамынан жана ага тиешелүү бардык жеңилдиктеринен ажыратылышы керек. Аны «персона нон-грата» деп жарыялоону да талап кылам. Андайларга Кыргызстанда орун жок», -деди Токтонасыров.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун орус басылмаларынын бирине «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деп айтканы жарыяланган. Коомчулукта экс-элчинин мындай сөзү «өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылык», «чагымчылдык» деген сынга кабылып, кызуу талкууланууда.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги «Аттокуров - орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген» деген билдирүү таратты. Аттокуров өзү орус басылмасы анын айткан сөздөрүн бурмалап койгонун «Азаттыкка» билдирген.

Раимкул Аттокуров 2007-2010-жылдары Кыргызстандын Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон. (ZKo)

XS
SM
MD
LG