Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

Аттокуров: Сөздөрүм бурмаланып калыптыр (видео)


Раимкул Аттокуров.
Раимкул Аттокуров.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуров орус басылмасы анын айткан сөздөрүн бурмалап койгонун «Азаттыктагы» маегинде билдирди.

Азыр кыргыз диаспорасындагы Координациялык кеңешти жетектеген Аттокуров ошол эле кезде Орусияда туруктуу жашаган жана эмгек миграциясында жүргөн адамдардын арасында мындай кеп-cөздөр болоорун айтат.

«Бул биздин эгемендигибизге, боштондугубузга шек келтирген маселе. Бул маселени көтөрүүгө акыбыз жок, уруксат эмес. Көп мен айткандар кошулбай калганына таң калып атам. Мүмкүн алардын өз кызыкчылыгы, максаты бардыр».

Аз күн мурда Аттокуровдун орус басылмаларынын бирине «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деп айтканы жарыяланган.

Коомчулукта экс-элчинин мындай сөзү «өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылык», «чагымчылдык» деген сынга кабылып, кызуу талкууланууда. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги «Аттокуров - орус жараны жана ал өзүнүн жеке пикирин гана билдирген» деген билдирүү таратты.

Раимкул Аттокуров 2007-2010-жылдары Кыргызстандын Орусияда толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.

XS
SM
MD
LG