Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Жээнбеков Аалы Туткучевдин ыры тууралуу пикирин айтты


31-август, Бишкек.
31-август, Бишкек.

Президент Сооронбай Жээнбеков 5-сентябрда КТРКнын "Биринчи радиосу" менен болгон маегинде төкмө акын Аалы Туткучевдин ырын кандай кабыл алганы тууралуу суроого жооп берип, пикирин билдирди.

Жээнбеков дүйнөнүн көптөгөн алдыңкы өлкөлөрү коррупция менен күрөштө санариптештирүү менен ийгиликке жетишкенин, Кыргызстанда да ошол аракет жүрүп жатканына токтолду. Аалы Туткучев ошол саясатты ырга салды деп айтты.

"Менимче, Аалы мырза менин жүргүзүп жаткан саясатымды элибизге дагы жакындатты. Мен мына ушундай кабыл алдым. Менин президенттик ишимди акындар ушинтип ырдап, коррупционерин коррупционер деп, коомдун оорусун көзгө сайып көрсөтүп турса, мындан эч жаман нерсе издеп кереги жок. Күрөшүп жатабыз, убакыт керек болуп жатат. Элдин үнүн бийликке жеткирип эле тим болбой, аткаминерлерди чыйралтып, керек болсо тизгиндеп туруу – ушул биздин акындардын вазийпасы деп ойлойм. Андай мүмкүнчүлүк акынга бир келди. Бир келген нерсени айтып алды. Туура кылды деп ойлойм".

Сооронбай Жээнбеков келерки жылда эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы белгилене турганын, жакында бул боюнча атайын жарлык чыгарын кошумчалады. 30 жылдыкты жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча аракет көрүлөрүн, бир жылда өзгөрүү болсо, Аалы Туткучев жетишкендиктерди айтып кетээр деп билдирди.

Быйыл 31-август - эгемендик майрамы Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында президенттин катышуусунда өтүп, пандемияга байланыштуу элге онлайн форматта көрсөтүлгөн. Салтанатта төкмө акын Аалы Туткучев бийликти сындаган ыр ырдаган. (NT)

XS
SM
MD
LG