Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Дубайда 21 жаштагы кыргызстандык мигрант жетекчисинин өлүмү үчүн соттолууда


Дубай шаары.
Дубай шаары.

Бириккен Араб Эмираттарында (БАЭ) иштеген 21 жаштагы кыргызстандык мигрант жетекчисинин өлүмү үчүн соттолууда. Бул тууралуу 17-сентябрда «Азаттыкка» Кыргызстандын БАЭнин Дубай шаарындагы консулу Айбек Маматбеков билдирди.

Анын айтымында, мигрант катышкан окуя быйыл июнда коронавирус эпидемиясы күчөп турган мезгилде болгон. БАЭнин мыйзамдары менен ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Маматбеков билдиргендей, консулдук сотко көз салып, мигранттын жазасын жеңилдетүү боюнча аракет көрүп жатат.

«Окуя июндун ортосунда болду. Чоо-жайын билебиз. Иш Тышкы иштер министрлиги менен Башкы консулдуктун көзөмөлүндө», - деди ал.

Маалыматтарга караганда, кыргызстандык катышкан деген кандуу окуяга бул жигит менен анын жетекчисинин ортосундагы пикир келишпестик себеп болгон. Дубайдагы индустриалдык жайлардын биринде иштеген жигит июндун ортосунда мекенине кайтыш үчүн жетекчисинен уруксат сураганы, бирок ал көнбөй койгондуктан уруш чыгып, аягы кандуу окуя менен бүткөнү айтылууда. Каза болгон адам БАЭнин жараны эмес, чет өлкөлүк ишкер.

Дубайдагы консулдукта быйыл 2945 кыргызстандык каттоодон өткөн. Каттоого турбагандарды жана ал жакка убактылуу ишке баргандарды кошкондо жалпы саны болжол менен 3,5 миңге жетет. (NT)

XS
SM
MD
LG