Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:29

Космосбек Чолпонбаевдин бөгөт чарасы каралууда


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Биринчи май райондук сотуна жеткирилди. Бул тууралуу анын жакындары «Азаттыкка» кабарлашты. Учурда сот Чолпонбаевдин бөгөт чарасын карап жатат.

Экс-министр Космосбек Чолпонбаев кызматта турганда шалаакылык кылган жана кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен 15-сентябрда кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Саламаттык сактоо министрлигинин жооптуу адамдарына карата шалаакылык жана кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча шек санап, кылмыш ишин козгогон.

Финполдун Тергөө башкармалыгы март айында Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган факт боюнча сотко чейинки териштирүүнүн алкагында экс-министр Чолпонбаевди 6-июлда суракка чакырган. Териштирүү Саламаттык сактоо министрлигинин кызмат адамдарына карата коррупция жана айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын коргоо фактысы боюнча жүрүп жатканы кабарланган.

Ушул эле иштин алкагында Финпол мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованы 10-июлда суракка чакырган.

Космосбек Чолпонбаев саламаттык сактоо министри болуп 2018-жылдын 20-апрелинде дайындалган. 2020-жылдын 1-апрелинде ээлеген кызматынан бошотулган.

Кыргызстанда коронавирус илдети алгачкы жолу 18-мартта катталган. 17-сентябрга карата бул илдетке чалдыккан адамдардын саны 45 миңден, ал эми оорудан көз жумган адамдардын саны миңден ашты. Коронавирустан жана пневмониядан көз жумгандардын көбү июнь-июль айларына туура келет. Кыргыз коомчулугунун бир бөлүгү пандемиянын Кыргызстанга алып келген мындай оор кесепети үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген мурдагы өкмөттү күнөөлөп келатат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG