Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Коопсуздук кеңешинде өлкөнүн коррупцияга каршы жаңы стратегиясы кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин бүгүнкү жыйынында коррупцияга каршы жаңы стратегия кабыл алынды. Президент Сооронбай Жээнбеков бул стратегия Кыргызстандын акыркы жылдары жасап жаткан ишинин ырааттуу уландысы болууга тийиш экенин айтып, сегиз жыл мурдагы стратегия өлкө туш болгон ошол кездеги коркунучтарга жооп бергенин белгиледи.

Өлкө башчысы коррупциялашкан жетекчилер «өздөрүн бүтүндөй мамлекетке каршы коюп, саат сайын чакырык таштап, жемкорлуктун улам жаңы механизмдерин ойлоп таап» жатышканын, антикоррупциялык мыйзамдарды тынбай жакшыртып турууну улантуу зарыл экенин кошумчалады.

Жыйында белгилүү болгондой, 2024-жылга чейин деп эсептелген жаңы стратегияны ишке ашырыш үчүн 82 антикоррупциялык иш-чара пландалды.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. Уюмдун быйылкы коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

Коомчулукта өлкө жетекчилигинин жемкорлукка каршы күрөш тууралуу айткандары ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер айтылып келатат. (RK)

XS
SM
MD
LG