Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Коррупцияны кабыл алуу индексинде Кыргызстан көтөрүлдү


«Transparency International» уюмунун 2020-жылдагы картасы.
«Transparency International» уюмунун 2020-жылдагы картасы.

Коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

Эл аралык өкмөттүк эмес «Transparency International» уюму жылдык изилдөөсүндө дүйнө өлкөлөрүндөгү мамлекеттик сектордогу коррупциянын деңгээлине баа берет. Өлкө канчалык көп балл алса, эксперттер менен ишкерлер коррупциялык кырдаалды ошончолук оң баалашат. Кыргызстан бул ирет 100 баллдык системада 30 упай алган.

Уюм экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт. «Өлкө жетекчилери паракорлук менен күрөшүүгө убада берип келишкени менен, көзгө илинерлик жемиши байкала элек. Жакырчылык кеңири жайылган, коррупция билим берүү же таза суу менен камсыздоо өңдүү коомдук кызматтардан пайдаланууга тоскоол болууда. Сот системасы өз алдынчалык жана легитимдүүлүк жетишпеген, эң коррупциялашкан институттардын бири бойдон калууда», - деп белгилеген «Transparency International».

Уюмдун маалыматына караганда, Чыгыш Европада жана Борбор Азияда мамлекеттик каражат шайлоодо кыянат пайдаланылат, саясий партиялардын булактары бүдөмүк, көп учурда кызыкчылыктар кагылышына жол берилет.

Мурдагы советтик республикалардан Украина Кыргызстан менен бир сапта. Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан Кыргызстандан төмөнкү орундарды ээлешти.

Рейтингдин сап башында 87 упай менен Дания жана Жаңы Зеландия жайгашкан. Эң начар көрсөткүч Сомалиники, Түштүк Судандыкы жана Сирияныкы болуп чыкты.

XS
SM
MD
LG