Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-сентябрь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 21:45

Коопсуздук кеңеши жемкорлукка каршы күрөштү талкуулап жатат


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 2020-жылдын 17-сентябры.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-сентябрда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат.

Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы кабарлагандай, жыйында эки маселе - укук тартибин коргоо органдарынын республикадагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөш боюнча иштеринин жыйынтыгы, ошондой эле 2021-2024-жылдарга карата коррупцияга каршы күрөш жана анын алдын алуу боюнча жаңы мамлекеттик стратегиянын долбоору каралууда.

Жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Бакир Таиров баяндама жасашат.

Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик стратегиянын долбоорун Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев алып чыгат.

Быйыл коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча Кыргызстан 180 өлкөнүн арасынан 126-орунга жайгашты. Былтыр өлкө 132-орунда болчу.

«Transparency International» уюму Кыргызстанда экономикалык бюрократия, саясий жемкорлук, трайбализм экономикалык өнүгүүгө жолтоо болууда деп эсептейт.

Президент Жээнбеков быйыл 29-августта «Биринчи радиодогу» маегинде «кадрларды алмаштырсаң деле кээде эч нерсе өзгөрбөйт, тескерисинче, айрымдары коррупциялык схема түзүп кирип кетип жатышат. Ошонун баарын тең санарип жоет. Бул экономиканы да өнүктүрөт жана коррупцияны азайтат» деп айткан. Коррупцияга каршы күрөштө чоң же майда коррупция деп бөлүүгө болбой турганын, ууруга уурудай мамиле кылыш керек экенин белгилеген.

Коомчулукта өлкө жетекчилигинин жемкорлукка каршы күрөш тууралуу айткандары ишке ашпай жатканы жөнүндө пикирлер айтылып келатат. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG