Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Президент Жээнбеков күч органдарындагы коррупцияны сындады


Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.
Коопсуздук кеңешинин жыйыны. 17-сентябрь, 2020-жыл.

Бүгүн, 17-сентябрь күнү Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков күч органдарын коррупцияга аралашкан кызматкерлеринен тазаланууга чакырды. Ал «сот, милиция, прокурор айлык акысы аз болгону үчүн пара алат» деген сөздү четке какты.

Президент мугалим менен дарыгер же пенсионер эмес, мүмкүнчүлүгү чектелген баласын баккан эненин айлыгы бүгүнкү күндө араң эле беш миң сом экенин айтты:

«Анда алардын баары коррупционер болуп кетиши керек эле. Тескерисинче, үйдөгү электрге карызы жок, өз убагында төлөгөн ким? Пенсионер. Ооруканага акча төлөп, дарыланган ким? Бей-бечара, пенсионер. Ошондуктан, коррупция мына ушул залда отурган органдарда тыйылышы керек. Ошондо мамлекет өнүгөт. Ошондо бюджет көбөйт. Ошондо социалдык калыстык болот. Мына ошол органдарды жетектеген силерде абийир, тазалык, уят, кудайдан коркуу болмоюнча өлкө өнүкпөйт. Бири-бириңерди коргоо токтомоюн, адам укугу да корголбойт. Өлкө да өнүкпөйт».

Ошол эле учурда президент коррупционердин баарын жазалоо натыйжасыз болуп жатканын айтып, коррупция менен күрөшүүчү органдарды жеп-ичмейден тазалоо зарыл экенин айтты. Мамлекет башчы Башкы прокуратура «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, өзүнө коюлган милдеттерди толук аткарбай жатканын кошумчалады.

Коопсуздук кеңешинде бажы, салык тармагынан тартып, милиция, сот, прокуратурага чейин коррупцияга батканы тууралуу маселе биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка киришкенден кийин, 2018-жылы февралда өткөн Коопсуздук кеңешинде күч кызматтарындагы коррупцияны тыюу багытында бир катар багыттар аныкталып, милдеттер коюлган. Күч түзүмдөрүн реформалоо маселеси көтөрүлгөн. Эксперттер бүгүнкү күнгө чейин абал оңолбой, муз ордунан жылбаганын айтып келишет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG