Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Тышкы карызды төлөш үчүн элден 13 млн. сом чогулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Руслан Татиков КТРКга берген интервьюсу маалында тышкы карызды төлөө үчүн элден 13,2 млн. сом чогулду, деп билдирди. Аталган эсеп 2020-жылдын октябрь айында ачылган.

“Министрликтин астында казыналык борбор бар. Ошол жерде атайын эсеп ачылган. Бүгүнкү күндө ал эсепке 13 миллион 332 миң сом түштү. Азырынча чогултуу иштери жүрүп жатат. Аны тышкы карызга төлөө үчүн сунуштар кийинчерээк болот деп ойлойм”, - деди Татиков.

Министрликтин маалыматы боюнча, элден акча чогултуу үчүн банкта эки эсеп 2020-жылдын 30-октябрында ачылган. Анын бирине түшкөн каражат жалпы чыгымдарга, экинчиси тышкы карызды төлөө үчүн жумшалары айтылган.

Бул тууралуу министрлик өз сайтына маалымат жарыялап, ага ылайык элден чогулган акча бюджетке тыгынчык болорун жазган. Ушул эле эсепке экономикалык мунапыстан өндүрүлгөн каражат түшөрү айтылат.

Экинчи эсепке акча чогултуу үчүн министрлик элди патриоттулукка үндөгөн. Анткени бул эсепке ыктыярчылар көңүлүнөн чыккан акчасын берет. Бирок, эрежеге ылайык алардын аты-жөнү ачык айтылбайт. Болгону эсепке канча акча чогулганы тууралуу министрлик отчет берип турат.

Экономика жана финансы министрлигинин маалыматына ылайык мамлекеттин жалпы карызы (ички жана тышкы карыз) 31-январга карата 4 млрд. 954,11 млн. долларга жетти. Кыргыз сому менен эсептегенде 420 млрд. 108,67 млн сом.

Мунун 85,2% же 4 млрд. 221,61 млн. доллары (357 млрд. 992,44 млн. сом) тышкы карыз. Калган 14,8 % же 732,50 млн. доллары (62 млрд. 116,23 млн. сом) ички береселер.

Тышкы карыздын негизги суммасын төлөө 2023-2028-жылдарга туура келет. Бул убакыт аралыгында Кыргызстан жыл сайын тышкы карыз үчүн 350 млн. доллардан 400 млн. долларга чейин бөлүп турушу керек. (MiK)

XS
SM
MD
LG