Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Бишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарга каршы пикет өттү


Пикеттин катышуучулары менен вице-мэр Сагындык уулу Азамат жолукту.
Пикеттин катышуучулары менен вице-мэр Сагындык уулу Азамат жолукту.

Бишкек мэриясынын алдында мыйзамсыз курулуштарга каршы чыккан шаардыктардын акциясы өттү. 25-мартта 20 чакты жергиликтүү тургун чогулуп, шаар башкармалыгынан үйлөрдүн короосуна салынып жаткан жаңы курулуштарды токтотууну талап кылышты.

Алар “Турак жай короосунан колуңарды тарткыла!”, “Биздин жерлерибизди кайтарып бергиле!”, “Курулушту токтотуп, көрктөндүрө баштайлы” деген жазууларды кармап турушту.

Пикеттин катышуучулары менен вице-мэр Азамат Сагындык уулу жолугуп, алардын талабы боюнча ыкчам топ түзүлөрүн айтты:

“Жаңы жерлер иретсиз берилбейт. Баары шаар куруу документтеринин негизинде каралат. Мыйзамсыз курулуштар боюнча ыкчам жумуш тобу түзүлөт. Кайсы жерде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатса чогуу, ачык иш жүргүзүүгө даярбыз”.

Соңку жылдары Бишкек шаарында кабат үйлөр көп салынууда. Алардын мыйзамдуулугу боюнча талаш-тартыш чыккан учурлар да аз эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG