Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

Опера жана балет театрындагы чырды иликтеген комиссия ишин аяктады


Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек. 2017-жыл.
Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын имараты. Бишкек. 2017-жыл.

Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы окуя боюнча териштирүү аяктады. Бул тууралуу 25-мартта “Азаттык” радиосуна Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, атайын түзүлгөн комиссия ишин жыйынтыктады, анын корутундусу даяр болгондо жалпыга жарыяланат.

Быйыл 6-мартта театрда “Ак куу көлү” спектаклин коёр алдында театрда чыр чыккан. Спектакль башталар алдында артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Иш-чараны уюштурган “Радужка” фонду окуяга кыргызстандык труппанын өкүлдөрү Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп болду деп түшүндүргөн. Ошондой эле гонорар маселеси да келип чыкканы айтылган. Кыргызстандык артисттер билети кымбат коммерциялык спектаклге бекер иштеп келатканына нааразылыгын билдиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG