Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:58

Британиялык экспертиза: Айсултан Назарбаев баңгизаттан каза болгон


Айсултан Назарбаев
Айсултан Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин жээни Айсултан Назарбаев баңгизатка көз карандылыктан улам көз жумган. Бул тууралуу табышмактуу жагдайда каза болгондордун өлүмүн иликтеген Британиядагы коронердин 24-марттагы корутундусунда айтылат. Жыйынтык Назарбаев киши колдуу болгону тууралуу ар кыл жоромолдорго чекит коюшу керек.

29 жаштагы Айсултан Назарбаев былтыр августта Лондондогу сейилбактардын биринде эс-учу жок табылып, кийин каза болгону кабарланган. Ал акыркы бир нече жыл баңгизатка көз карандылыктан арылуу үчүн дарыланып келген. Соңку жылдары социалдык тармактардагы баракчасы аркылуу Назарбаевдердин үй-бүлөсү тууралуу ар кыл маалыматтарды ачыкка чыгарып келген Айсултандын капилет өлүмү ар кандай жоромолдорду жараткан.

Айсултан - Нурсултан Назарбаевдин тун кызы, казак Сенатынын экс-спикери Дарига Назарбаева менен анын мурдагы күйөөсү, маркум Рахат Алиевдин кичүү уулу болчу. Дарига менен ажырашкан соң кайын атасына каршы чыккан Рахат Алиев Австриядагы түрмөдө 2015-жылы каза болгон.

Айсултан Назарбаев Улуу Британиянын «Сандхерст» аскердик академиясын аяктаган. 2017-жылы жети айдай Казакстандын Футбол федерациясынын вице-президенти болгон. Бул учурда таятасы Нурсултан Назарбаевдин айланасындагы айрым адамдарды сындап чыкканы менен коомчулуктун талкуусуна түшкөн эле.

XS
SM
MD
LG