Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Диагностикалык борбордун кызматкерлери министрликти сотко беришти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Республикалык диагностикалык борборду кайра түзүү боюнча буйругу талаш жаратууда. Бул тууралуу 25-мартта “Азаттык” радиосуна адвокат Бакытбек Жумашев билдирди.

Жактоочунун айтымында, быйыл 17-февралда министрликте аталган борборду Улуттук госпиталга кошуу аркылуу кайра түзүү жөнүндө буйрук чыккан. Бирок мекеменин кызматкерлер тобу бул буйрукка каршы чыгып, доо арыз менен Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна кайрылышкан. Ошону менен катар адвокат доо арыз боюнча чечим чыкканча буйрукту ишке ашырбоо тууралуу арыз менен кайрылган.

24-мартта райондук сот адвокаттын бул арызын канааттандырып, буйрук боюнча чечим чыкканча аны ишке ашырууга тыюу салды.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек.

Республикалык диагностикалык борбор да, Улуттук госпиталь да министрликке карашат.

Быйыл 3-февралда Кыргызстанда жаңы өкмөт ишке киришти. Өкмөт жетекчилиги жаңы структура кыскартылып, оптималдашканын айтууда. 23-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин эки орун басары иштен алынды. (RK)

XS
SM
MD
LG