Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:58

АКШ жана Евробиримдик саламаттыгы начарлаган Навальныйды боштондукка чыгарууну талап кылышты


Алексей Навальный кармалган абак (колония). Покров шаарчасы, Орусия. 2021-жылдын 1-марты.
Алексей Навальный кармалган абак (колония). Покров шаарчасы, Орусия. 2021-жылдын 1-марты.

Абакта жаткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный бели катуу ооруп жаткандыгын жана көйгөйдү чечүү үчүн түрмө жетекчилиги тарабынан “эч нерсе” жасалбагандыгын айткандан кийин, АКШ жана Европа Биримдиги Орусиянын бийликтеринен Алексей Навальныйды тез арада бошотууга үндөштү.


26-мартта “Instagram” баракчасына жарыялаган билдирүүсүндө Навальный ошондой эле мурда абакта жатып чыккан белгилүү саясатчылар орусиялык түрмөдө ооруп калуу өлүмгө алып келиши ыктымал деп ага эскерткенин да айткан.


Навальныйдын бул жарыясында: "Бир кездери 10 жыл түрмөдө отурган Михаил Ходорковский мага: “Эң башкысы – ал жакта киши оорубашы керек", – деп айткан болчу”, – деп баяндалат.

Ходорковский – мурдагы мунай менен байланыштуу ири компания болгон “ЮКОСтун” кожоюну болчу. Ал талаш-тартыштуу эки кылмыш иши боюнча айыптуу деп табылып, орусиялык абакта он жылдай жатып чыккан. Ал өзүнө карата доону саясий куугунтук ыкасы деп баалаган.

"Сизди эч ким дарылабайт. Эгер катуу ооруп калсаңыз, анда жөн гана өлүп каласыз", – деген Ходорковскийдин сөздөрүнө Навальнй шилтеме кылган.

44 жаштагы Навальный учурда Орусиядагы эң катаал жаза өтөө мекемелеринин биринде камакта отурат.


АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Нед Прайс 26-мартта “Твиттердеги” баракчасында Кошмо Штаттар Навальныйдын саламаттыгынын начарлашына байланыштуу "тынчсыздандыруучу кабарларга" күбө болгондугун жана расмий Кремлди Навальныйдын "адвокаттарынын ырааттуу түрдө аны менен көрүшүп турушун жана ага медициналык жардам көрсөтүлүшүн" камсыздоого чакыргандыгын маалымдады.

Прайс ошондой эле АКШнын Орусиянын бийликтеринен Навальныйды абактан бошотууга чакырганын дагы бир жолу кайталады. (TT)

XS
SM
MD
LG