Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Адвокат: Навальныйдын ден соолугу тынчсыздандырууда


Навальный жазасын өтөп жаткан Покровдогу абак.
Навальный жазасын өтөп жаткан Покровдогу абак.

Орусияда абактагы оппозиционер Алексей Навальныйдын бир нече аптадан бери бели жана оң буту катуу ооруп жатат жана анын саламаттыгы олуттуу тынчсыздануу жаратат. Бул тууралуу адвокат Ольга Михайлова билдирди. Михайлова жана дагы бир адвокат Вадим Кобзеев 25-мартта абактагы саясатчыга жолугуп чыгышты.

Адвокаттын айтымында, Навальный ооруп жатканына бир ай болгон, бирок саясатчы бул тууралуу маалымат берүүгө тыюу салган.

“Анын балтыры сенейип, бир буту күч бербей калыптыр. Тагыраагы, бир буту иштебей жатат”,-деди Михайлова.

Саясатчыга түрмөнүн администрациясы "Ибупрофен" деген оору басуучу таблетка берип жатышкан.

Ушул эле күнү Навальныйдын үзөңгүлөштөрү анын атынан түрмөнүн башчысына жана Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчисине кайрылуусун жарыялашты. Анда 25-февралдан тартып эле саламаттыгы начарлаганы, Москвадагы ооруканадан дарыгер чакыруу өтүнүчүнө түрмөнүн администрациясы көңүл бурбай койгону айтылат.

Ал эми экинчи кайрылууда “качып кетиши мүмкүн” деген соттолуучулардын тизмесинен чыгарууну суранган. Себеби, дал ушул тизмеде болгону үчүн түн ичинде ар саат сайын түрмөнүн күзөтчүсү ойготуп, уйку бербей жатканы жана бул кыйноого тете экенин Навальный билдирген.

Учурда Алексей Навальный эмне оорудан жабыркап жатканы белгисиз. Ал былтыр августта уулуу зат менен ууланып, бир нече күн комада жаткан эле. Германияда дарылануудан соң саламаттыгы калыбына келгени айтылган.

Жаза аткаруу федералдык кызматы 25-мартта Навальныйдын саламаттыгы туруктуу жана канааттандырарлык экенин билдирген.

Орус бийлигинин башкы сынчысына айланган Алексей Навальный быйыл январда Германиядан келген соң кармалган. Ал февралдын башында 2014-жылдагы иши боюнча 3 жыл 8 айга эркинен ажыратылган.

Кийин Москва шаардык соту ал мөөнөттү бир аз азайтуу менен өкүмдү күчүндө калтырган. Навальный учурда Владимир облусундагы Покров шаарчасындагы түзөтүү колониясында отурат.

XS
SM
MD
LG