Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:13

Баткен: Талкууга түшкөн аскердик машыгуу аяктады


 Баткендеги аскердик машыгуу. 3-апрель, 2021-жыл.
Баткендеги аскердик машыгуу. 3-апрель, 2021-жыл.

Коргоо министрлигинин командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулары жыйынтыкталды. 3-апрелде машыгуунун жыйынтыктоочу фазасына президент Садыр Жапаров байкоо салып, катышкан аскерлерди куттуктап, аймактагы коопсуздук жана чек араларды тактоо аракеттерине да токтолду.

Коргоо министрлиги Баткендеги машыгуунун максаты – аймактык бийликтердин аскердик жана өзгөчө абал шартында милдеттерди аткарууга даярдоо экенин билдирген. Иш-чарага 2 миңге жакын адам катышып, 100дөй автомобиль, брондолгон жана атайын техника, жыйырмага жакын артиллериялык система, ондой авиациялык техника тартылды.

Чек арага жакын аймакта өткөрүлгөн машыгуунун жыйынтыктоочу бөлүгүнө байкоо салуу үчүн келген президент Садыр Жапаров дүйнө жүзүндө конфликттик потенциал курчуп, эл аралык терроризмдин, экстремизмдин коркунучу күчөп, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук менен радикализмдин идеялары жайылып жатканын айтып, мындан улам өлкө аймагында жана чек араларда конфликттик потенциалды төмөндөтүү боюнча кадамдарды ишке ашыруу абзелдигин белгиледи.

“Жакынкы мезгилде Коргоо министрлигинин курамында атайын операцияларга жооптуу күчтөр түзүлөт. Бул - өз кезегинде эл аралык терроризмге каршы натыйжалуу аракеттенүүгө мүмкүндүк берет. Ушул жылдын 1-апрелинен баштап аскер кызматкерлери үчүн чен азыктын (паек) көлөмү көбөйтүлдү. Калориялуу жана ар түрдүү боло баштады.

Куралдуу күчтөрдүн кызыкчылыгындагы капиталдык курулуш улантылууда. Ушул жылы Ош шаарында эки жүздөн ашык аскер кызматкерлери турак жай менен камсыз болот. Жакынкы айларда аскер кызматкерлеринин акчалай камсыздалышын азыркы талаптарга ылайык келтирүү үчүн алардын өлчөмүнө индекстөө маселелери каралат”.

Өлкөдө ар тараптуу реформалар жүрүп жатканын айткан президент кошуна өлкөлөр менен акыркы убакта чек ара боюнча жүргүзүлүп жаткан аракеттерге токтолуп, бул иштерди тескери бурууга аракет кылган күчтөр экенин билдирди:

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

“Албетте, мамлекетибизде жүрүп жаткан реформаларды, кошуна өлкөлөр менен мамлекеттик чек араларды тактоо маселелеринде болуп жаткан позитивдүү жетишкендиктерди терс көрүнүшкө бурмалагысы келген ички жана сырткы күчтөр да жок эмес. Бирок биз андай чагымчылдарга көңүл бурбастан ишибизди алдыга жылдыра беребиз. Жыйынтыгы жакшы болот. Убакыт көрсөтөт. Мисалы, кошуна Өзбекстан мамлекети менен чек ара маселелерибизди тактоо иштери аяктап жатат. Ал эми кошуна Тажикстан мамлекети менен дагы Кудай буюрса, жакынкы мезгилдерде дипломатиялык сүйлөшүүлөр, эки тараптын бирдей кызыкчылыктарын эске алуу менен ынтымакта чечишип алабыз деп терең ишенем”.

Тажикстан менен чек ара кандай шартта чечилет?
please wait

No media source currently available

0:00 1:05:24 0:00

Чек арага жакын аймакта мындай ири масштабдагы аскердик машыгуунун өткөрүлүшүн ар түрдүү божомолдогондор, социалдык тармакта кошуна өлкөлөр менен чек араны тактоо аракети жүрүп жаткан учурда күч көрсөтүү аракети катары баалагандар да бар. Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев аскердик машыгуунун эч кандай саясаты жок эле, ар кандай абалга даярдыкты чыңдоо, мамлекеттүүлүктү бекемдөө, коопсуздукка коркунуч туудурган көрүнүштөргө жооп кайтарууга даярдык экенин айтат.

Таалайбек Өмүралиев.
Таалайбек Өмүралиев.

“Биз чек арада кошуна мамлекеттерди бизге коркунуч келтирген күч деп эсептебейбиз. Анткени, биз кошуна, тууган элбиз. Биздин баягы эле коркунуч эл аралык террористтик уюмдар, анан диний экстремизм ”.

Чек ара маселелерин иликтеп жүргөн Хаитали Айкынов акыркы учурда кошуна Тажикстан менен чек араларды тактоодо бир топ талкуулар жүрүп, Кыргызстан тараптын Тажикстандын Ворух анклавын алмаштыруу сунушу коомчулуктун көңүлүн буруп турганына токтолду. Анын пикиринде, чек араны тактоо күч менен эмес, дипломатиялык жол менен жүрүшү керек:

“Бул аскердик машыгууну чек арага байланыштыруу туура эмес деп ойлойм. Бирок, чек араны тактоо иштери жүрүп жактан учурда байланыштырып жатышкандар да бар. Чек ара күч менен эмес дипломатиялык сүйлөшүү менен чечилет. Ошондой эки мамлекет ортосундагы маселени карап жатканда эл аралык мамилелерди тыкыр өздөштүргөн адистер болушу керек. Бир туура эмес кадам же аракет бир топ ишти артка тартып, чыңалууну пайда кылып коюшу мүмкүн”.

Баткендеги аскердик машыгууга байкоо салган президент төрт өлкөнү камтыган электр чубалгыларын тартуу боюнча “CASA-1000” долбоорунун башталышына катышып, андан ары Ошко учуп кетти.

Ушул күндөрү аскердик ири машыгуу өткөн аймакка жакын Тажикстандын Ворух анклавына кошуна өлкө президенти Эмомали Рахмондун да иш сапары менен келээри айтылып жатат.

Рахмондун чукул сапары УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин аталган анклавдын чек арасын тактап, тосмолоо же алмаштыруу тууралуу билдирүүсү менен байланыштуу экенин айткандар бар. Анткени, Кыргызстандын расмий өкүлүнүн мындай билдирүүсү коңшу мамлекеттин жарандарында тынчсыздануу жаратып жатканы айтылып жатат.

XS
SM
MD
LG