Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 09:04

Накви: "Экономика баштапкы абалына 2023-жылы гана жетет" ​​​​​​​​​​​​​


Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви. (Ортодо) 2020-жылдын 20-ноябрында.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Навид Хасан Накви «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда былтыр коронавирус убагында Кыргызстанга берилген жардам, алардын бөлүштүрүлүшү, экономиканын абалы, жакырчылыктын деңгээли боюнча суроолорго жооп берди.

- «Азаттык» радиосуна «Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 17-19 млн. доллар жардам берүүнү сунуштаса өкмөт документ даярдоо иштерин кечеңдетип, каражатты ала албай жатыптыр» деген маалымат келип түштү. Муну «октябрь окуялары» козгогон саясий кризистер менен да байланыштырып жаткандар бар. Бул маалыматтын канчалык чындыгы бар? Кайсы долбоорлор жөнүндө сөз болуп жатат жана алардын статусу азыр кандай?

- 2020-жылдын июнунда Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги COVID-19 апаатынан улам жергиликтүү жамааттарды колдоо үчүн деп Айыл инвестициясынын үчүнчү долбоорун (АИД-3) каржылоого кошумча каражат бөлүү өтүнүчү менен Дүйнөлүк банкка кайрылган. 17 миллион доллар өлчөмүндөгү кошумча каржылоо долбоору Дүйнөлүк банктын директорлор кеӊешинде 2020-жылдын 28-сентябрында жактырылган. Аталган долбоорго Кыргыз Республикасынын өкмөтү 2021-жылдын 4-мартында кол койду, 2021-жылдын 30-июнуна чейин Жогорку Кеӊеш тарабынан ратификациядан өтөт деген үмүт бар.

- Түздөн-түз COVID-19 вирусу менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 2020-жылы канча сумма жардам берди? Анын канчасы насыя, канчасы грант катары берилди?

- COVID-19 апаатына каршы туруу үчүн Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына тез жардам катары 22,15 млн долларды саламаттык сактоо тармагынын ыкчам керектөөлөрүнө жумшасын деп бөлгөн.

9 млн. доллар:

  • «Кыргызстанда туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында «Өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга жумшалчу күтүүсүз чыгымдар» компонентине.

12,15 млн. доллар:

  • COVID-19 менен күрөшүү максатындагы ыкчам каржылоо механизмдери алкагында бөлүнгөн.

1 млн. доллар өлчөмүндөгү грант:

  • Пандемия менен күрөш боюнча Ыкчам көмөк көрсөтүү фондунун гранты.

2021-жылдын март айына карата Кыргыз Республикасына жеткирилген каражаттар (жалпы суммасы $12 307 332). Аларга төмөнкүлөр кирет:

  • Медициналык багыттагы чакан предметтер жана дезинфекция каражаттары - 68 130 доллар.
  • Медициналык чакан жабдуулар (электрокардиографтар, ларингоскоптор, ингаляторлор жана башкалар.) - 396 560 доллар.
  • Лабораториялык реактивдер, пайдаланылуучу материалдар, ошондой эле, ПЧР-тесттер үчүн - 769 589 доллар.
  • Жекече коргонуу каражаттары (ЖКК- СИЗ) - 1 656 303 доллар.
  • Дары-дармектер - 2 567 890 доллар.
  • 266 оорукана койкасы - 83 948 доллар.
  • 40 автоунаа - 582 917 доллар.
  • 84 медициналык калдыктарды кайра иштетүүчү жана дезинфекциялоочу жабдыктар - 823 144 доллар.
  • 27 диагностикалык жабдуулар - 931 083 доллар.
  • 26 “тез жардам” машиналары - 1 529 800 доллар.
  • 342 комплект дем алууну жакшыртуучу жабдуулар - 2 897 968 доллар.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банк калктын жакыр жана аялуу катмарына колдоо корсөтүүгө, ошондой эле, орто жана чакан бизнес ишканаларына 138 миллион доллар бөлдү.

Буга мына булар кирет: «Микро, чакан жана орто ишканаларга ыкчам көмөк көрсөтүү» долбооруна (50 миллион доллар); «Социалдык коргоо системасына жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жасалчу иш-аракеттер планы» долбооруна (50 миллион доллар); COVID-19 маалында CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорун кошумча каржылоого (21 миллион доллар); ошондой эле, Айыл инвестициясы үчүнчү долбоорун кошумча каржылоого (17 миллион доллар).

Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасына каражаттарды өзгөчө шарттар менен берет: 50 пайызы –грант катары, 50 пайызы – өзгөчө жеңилдиктеги кредиттер (38 жылдык мөөнөт менен, төлөмдөрдү 6 жылдан кийин берүү шартында, кредитти кайтарууга 0,75%).

- Былтыр коронавирус илдетинин жайылышына байланыштуу Дүйнөлүк банк 3 долбоордун алкагында кыргыз экономикасын колдоо үчүн жалпы көлөмү 121 млн. доллар насыя берээрин маалымдаган эле. Бул долбоорлордун тагдыры кандай болду?

-2020-жылы Дүйнөлүк банк пандемиянын ишканаларга тийгизген экономикалык зыяндарын жок кылуу жана калктын жакыр жана аялуу катмарына жардам көрсөтүү максатындагы долбоорлорго 138 миллион доллар бөлгөн. Үч долбоор тең – «Микро, чакан жана орто ишканаларга ыкчам көмөк көрсөтүү» долбооруна (50 млн. доллар); «Социалдык коргоо системасына жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жасалчу иш-аракеттер планы» долбооруна (50 млн. доллар); COVID-19 маалында CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо долбоорун кошумча каржылоого (21 млн. доллар); ошондой эле, Айыл инвестициясы үчүнчү долбоорун кошумча каржылоого (17 млн. доллар) ишке киргизилгени турат. Ал эми (COVID-19 апааты учурунда) «CASA-1000 жергиликтүү жамааттарды колдоо» долбоорун кошумча каржылоо (21 млн. доллар) долбоору башталып, ал АРИС тарабынан ишке ашырылууда.

- Ушул эле жардамдарга байланыштуу кошумча суроо. Аз күн мурда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчилиги Дүйнөлүк банк берген жардамдын эсебинен, былтыр апрелде опинавир/ритонавир (калидавирдин аналогу) дарыларын мыйзамсыз сатып алганын маалымдады. Дүйнөлүк банк аталган препараттарды сатып алуучу дарылардын тизмесинен чыгарып салган экен. Бул иш боюнча кандай комментарий бере аласыздар?

- Ал жабдуулар Дүйнөлүк банк тарабынан бөлүнгөн каражаттарга сатылып алынган эмес.

- Дүйнөлүк банк өзү бөлгөн акчанын максаттуу пайдаланылышына көзөмөл кылып турабы?

- Келишим беренелери боюнча Дүйнөлүк банк «келип түшкөн кредиттердин баарысы белгиленген максаттарга гана пайдаланышын, кредит максаттуу пайдаланышын камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү, саясий же башка жагдайларга карабай, экономикалык эмес мүнөздөгү көз карашка же башка таасирлерге байланбай, бөлүнгөн каражаттардын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдаланышына жетишүүсүн камсыз кылышы керек». Мына ушул талаптарга жана башка колдонулчу эрежелерге ылайык Дүйнөлүк банк карыз алуучунун инвестициялык долбоорлор боюнча сатып алууларынын Жобосун кабыл алган, анда Дүйнөлүк банк толугу менен же жарым-жартылай төлөй турган иштер, товарларды сатып алуу, ага кеңеш берүү же андайы жок кызмат көрсөтүү жөнгө салынган. Мындан тышкары аткаруучу агенттиктер Дүйнөлүк банкка каржылык отчетторун дайыма тапшырып турушат, анда жумшалган каражаттар, чыгымдардын категориялары менен компонеттери тууралуу так маалыматтар көрсөтүлөт. Мындан тышкары аткаруучу агенттиктер ырастоочу документтердин баарын сактап, аларды Дүйнөлүк банктын каржылык башкаруу же аудитордук фирмасынын (Банк үчүн өтүмдүү) адистеринин суроосу боюнча долбоорду ишке ашыруу маалында көрсөтүүгө милдеттүү.

- Негизи эле эл аралык уюмдардан жана финансылык институттардан берилген гранттарга жана насыяларга байланыштуу коомчулукта көп суроолор бар. Маселен, берилген каражаттардын басымдуу бөлүгү эксперттерге, консультацияга жана уюштуруу иштерине иштетилип, чыныгы аткарыла турган ишке акча абдан аз жетип калары сындалып келет. Дүйнөлүк банктын долбоорлорунда каражаттын кеминде 15%ы кеңеш берүүчү кызматтарга кетип калат, деген аргументтер бар. Буга кандай түшүндүрмө бере аласыздар?

- Сатып алуулардын категориялары арасында, айталы, товарлар менен иштерди, кеңеш берүү же башка кызмат көрсөтүүлөр боюнча каражаттарды бөлүштүрүүдө милдеттүү көрсөтмөлөр же босоголук чектер коюлган эмес. Иш жүзүндө карыз алуучу, башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын өкмөтү долбоорду даярдоо учурунда сатып алуу планын даярдоо жоопкерчилигин өзүнө алат. Ал эми Дүйнөлүк банк сатып алуу планына кредит берүү боюнча сүйлөшүүлөр аяктай электе маселени карап, макулдугун берет. Андан ары сүйлөшүүлөр маалында Дүйнөлүк банк тарабынан жактырылган сатып алуу планы келишимге тиркелет, ошентип ал аткарууга милдеттүү болгон юридикалык документке айланат.

Эгер сатып алуулар планына өзгөртүүлөр кирип калса карыз алуучу ал версияны Банкка карап чыгууга жана бекитүүгө жиберет. Сатып алуулар планы жана анын өзгөртүүлөрү Дүйнөлүк банктын сырткы веб-сайтына жайгаштырылат.

- Эми башка темаларга өтөлү. Дүйнөлүк банк 2020-жылдын жай айларындагы билдирүүлөрүндө «COVID-19 вирусу Кыргызстанда жакырларды 600 миң адамга көбөйтүшү мүмкүн», деген тынчсыздануусун ачыктаган эле. Сиздердин эсебиңиздердеби - жыл жыйынтыгында бул кооптоонуу канчалык ырасталды? Кыргызстанда жакырчылык арбыдыбы?

- COVID-19 апааты калктын эмгек кирешелерине терс таасирин тийгизди, жакырчылыкты азайтуунун негизги факторлорунун бири - эмгек кирешеси эмеспи. Инфляциянын айынан калктын сатып алуу жөндөмдүлүгү азайып, ансыз да кыйналып жашап жаткан калктын абалын пандемия оорлотту, кесепет күчөп, жашоо-турмуш кыйындады. Маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасында жакырчылык деңгээли 2020-жылы мурдагы 2019-жылга салыштырмалуу (улуттук маалымат) 20,1% көбөйгөн, анын натыйжасында жакырчылыкка дагы 700 миң киши кошулган – бул болсо калкынын саны 6,6 миллионду түзгөн өлкө үчүн өтөле чоң сан.

- Дүйнөлүк банк былтыр коронавирус пандемиясы башталгандан кийинки талдоосунда Кыргызстандын ички дүң өнүмү (ИДӨ - ВВП) 2,8%-4,4% төмөндөйт деп болжогон эле. Жыл соңунда экономика 8,6% артка кетти. 2021-жылдын алгачкы айларында болсо 7,6% түштү. Дүйнөлүк банк быйыл кыргыз экономикасына кандай болжол берип жатат?

- Болжолдорго караганда 2021-жылы реалдуу ИДП 3,8% жогорулайт, бул - кызмат көрсөтүү жана курулуш тармагындагы активдүүлүктүн эсебинен камсыз кылынат. Ал эми бюджетин таңкыстыгы ИДПга карата 3,9% кыскарат. 2022–2023-жылдары өнүгүү орточо эсеп менен 4–4.5% чыгышы болжолдонууда, бул эми апаат жок болуп, саясий туруктуулук орносо жана сырткы шарттар жакшырса ишке ашчу болжол. Сомдун алмашуу курсу турукташса инфляция 5,4% түшүшү ыктымал, ал эми орточо жылдык перпективада бюджет таңкыстыгы ИДПга карата 3% түшөт. Экономика пандемияга чейинки өз калыбына 2023-жылга чейин жете албайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG