Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:26

Кыргызстан криптовалютаны мыйзамдаштырат


Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.
Криптовалютанын эң белгилүү түрү - биткоиндин (Bitcoin) эмблемасы.

Улуттук банк криптовалюталарды жүгүртүүгө байланыштуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ электрондук акчаны алып-сатуу процессин жөнгө салмакчы.

ал кабыл алынса виртуалдык валютаны сом менен сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт жана аны уюштурган операторлор лицензия менен иштөөгө өтөт. Бул жагдай Кыргызстанда биринчи жолу мыйзамдаштырылганы турат.

Жаңы мыйзамдын баяны

«Криптовалюталарды жүгүртүү жөнүндө» жана «Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорлору Улуттук банктын сайтына узаган жылдын 31-декабрында коюлду.

Биринчи мыйзам - кеп болуп жаткан электрондук акча боюнча жаңы документ, экинчиси Салык кодексине, Жарандык кодекске жана башка мыйзамдарга киргизилчү алымча-кошумчаларды камтыйт.

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев мыйзам долбоорлору тууралуу жалпы маалымат берди:

Айбек Султаналиев.
Айбек Султаналиев.

«Мыйзам долбоору криптовалюталарды жүгүртүү боюнча, криптовалюталарды алмаштыруу жаатындагы кызмат көрсөтүү боюнча укуктук негизди түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын аймагында криптовалюталарды жүгүртүүнү жөнгө салууну өзгөртүү/киргизүү үчүн, ошондой эле Акча каражаттарынын изин жашырууга каршы күрөш боюнча финансылык чараларды иштеп чыгуу тобунун (ФАТФ) сунуш-көрсөтмөсүнө ылайык, террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо), капиталдын агылып чыгышы жагында кооптуу жагдайларды азайтуу жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында иштелип чыккан. Мыйзам долбоорлорду nbkr.kg сайтындагы «Банк» / «Банк иши тууралуу мыйзамдар» / «Талкууга сунушталган мыйзам долбоорлору» бөлүгүнө жайгаштырылган. Тараптар өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 10-февралына чейин жөнөтө алышат. Андан ары мыйзам өз жол-жобосу менен парламентке киргизилет».

​Электрондук акчаны пайдалануу жөнүндө талкуулар Кыргызстанда 2014-жылы башталган. Тагыраагы ал жылы Бишкектеги кафелердин бирине Эммануэле Коста аттуу италиялык финансист биткоин-банкоматты эксперимент катары орноткон.

Бишкектеги биткоин автоматы. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги биткоин автоматы. Архивдик сүрөт.

Ошол учурда Улуттук банк буга байланыштуу билдирүү таратып,элди криптовалютаны колдонуудан оолак болууга чакырган. Кийин да мекеменин жетекчилиги электрондук акчага инвестиция салуунун кооптуу жагдайлары тууралуу эскертип келген.

Бирок коомчулуктагы талкуу дээрлик беш-алты жылда башкы каржылык көзөмөл мекемесин криптовалюта тууралуу укуктук-ченемдик акты түзүүгө мажбур кылгандай.

Улуттук банк.
Улуттук банк.

«Мыйзам кабыл алынган күндө деле криптовалюталарга Улуттук банк кепилдик бербейт. Долларга же башка чет элдик валюталарга кепилдик бербегендей эле анын куну түшүп же көтөрүлүп кеткенине биз жоопкерчилик албайбыз. Бирок криптовалюталарды алмаштырган учурда кардарлардын укуктарын коргоо камсыз кылынат. Бул мыйзамдар ошон үчүн киргизилмекчи. Мыйзам ишке киргенден кийин криптовалюта кантип алмаштырылат, кантип акча которулат деген негиздер жазылган кошумча жобо жана инструкциялар иштелип чыгат. Буга чейин криптовалюталарды алмаштырган операторлор эч кайсы жерге катталбай эле иш алып барчу. Эгер мыйзамдар кабыл алынып, иштей баштаса алар Улуттук банкка катталат, лицензия алышат. Ансыз Кыргызстандын аймагында иштөөгө тыюу салынат. Мыйзамдуу ишмердүүлүк жүргүзгөн операторлор кайсы бир мөөнөт ичинде канча криптовалюта сатылды, канча киши алды, канча транзакция жасалды деген маалыматтарды Улуттук банкка тапшырып турушат. Биз аны талдап, көзөмөлдөр турабыз», - деди Улуттук банктын өкүлү Айбек Султаналиев.

Демек, жаңы мыйзамдарга ылайык, криптовалюталар рыногунун катышуучусу болуп үч тарап эсептелет. Алар криптовалюталарды түзгөн адамдар же майнингди (эмиссия) ишке ашырган адамдар, криптовалюталарды алмаштыруучу операторлор, криптовалюта алып-саткан же ага ээлик кылган жеке адамдар.

Жарандар кадимки улуттук валюта – сом менен криптовалюта сатып ала алышат. Бирок криптовалютаны төлөм каражаты катары пайдалана албай калат. Демек өлкө ичинде криптовалюта менен бир нерсе сатып алууга болбойт, кайсы бир кызмат үчүн акы катары колдонууга уруксат жок.

Арийне, криптовалютаны Кыргызстанда жайылтууну жактаган адистер жаңы мыйзамды кубаттап жатышат. Айрым бөлүктөрүн сынга алгандар да бар.

Бул жөнүндө дээрлик беш-алты жылдан бери маселе көтөрүп келе жаткан кыргызстандык программист Даниил Вартанов документти иштеп чыгууга өзү да сунуштарын берген.

Даниил Вартанов.
Даниил Вартанов.

«Мыйзам долбоору карама-каршы жагдайларга ээ. Бир жагынан – бул прогрессивдүү күчтөрдүн жеңиши, Кыргызстанда криптовалютаны алмаштырууну башка валюталар сыяктуу эле легалдаштырууга жетишип жатабыз. Экинчи жагынан – криптовалютаны төлөм каражаты катары легалдуу жүгүртүүгө түздөн-түз тыюу салынып жатат. Мындан да маанилүүсү - мыйзам тууралуу бүтүм чыгаруу азырынча эртелик кылат. Анткени ал толук кабыл алына элек, мурдараак мыйзамдар соңуна чыккыча салыштырмалуу терс жагына алымча-кошумчаланып кеткен калган учурлар болуп келген», - деди ал.

Маалым болгондой, криптовалюта же виртуалдуу акча менен финансы операцияларын жүргүзүүнү Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги өнөктөшү Беларус 2017-жылы толук мыйзамдаштырган. Минск ал тургай криптобиржа да ачкан, виртуалдык валютаны өндүрүү да жолго коюлган. Орусияда болсо криптовалюта 2021-жылдын башынан тартып легалдашты. Бул багытта Кыргызстандын коңшуларында да жылыш бар.

Бишкекте жайгашкан Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариел Искаков буларга токтолду:

Гонконгдогу биткоин банкоматы.
Гонконгдогу биткоин банкоматы.

«Биздеги мыйзамды соңку бир-эки жылдан бери жазып жатышканын билебиз. Улуттук банк өзү демилгечи болуп чыккан. Ушул багытта иштеген ишкерлердин идеяларын угуп, сунуштарын кабыл алышкандай болгон. Ошол себептүү биз криптовалюта боюнча жаңы мыйзамды колдойбуз. Себеби, дүйнөдө криптовалютага байланыштуу даттануу көбүнчө финансылык махинацияларга жана акчаны адалдаштырууга байланыштуу болот. Буга криптовалютага ээлик кылган адамдардын идентификациясынын жоктугу себеп. Жаңы мыйзам иштей баштаса мына ушул нерсеге жакшы өбөлгө түзөт. Орусияныкы менен биздикинде айырма бар. Аларда бир топ чектөөлөр бар, биздики кирсе жеңилирээк болот. Өзбекстан менен Казакстан да бул боюнча мыйзамдарды кабыл алып, блокчейн борборлорун түзүп, кыйла алдыга кетишти. Түркмөнстан менен Тажикстан гана бизден да артта».

Криптовалюта деген эмне?

Криптовалюта – 2009-жылы криптографиялык коргонуу усулдарына негизделип пайда болгон санарип акча. Тагыраагы бул виртуалдык жүгүртүүдөгү акча бирдиги. Алгач анын 20-30дай гана түрү болсо, азыр 200дөн ашык экени айтылат. Эң популярдуусу – биткоин. Андан башка риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) деген түрлөрү да көбүрөөк таанымал.

Кийинки жылдары негизинен биткоиндин наркы көтөрүлгөнүн белгилүү. Бир биткоиндин наркы 2020-жылдын башында 7 миң доллардын тегерегинде болсо, 2021-жылдын башында ал 33-35 миң долларга чейин жетип, кайра түштү. Учурда анын наркы 28-30 миң доллардын тегерегинде бааланууда.

Рынокто ушинтип өсүп-ылдыйлап турганы үчүн бул киреше табууну көздөгөн жарандарга кадимки эле акция сыяктуу же алтын сыяктуу кызыгуу жаратат.

Блокчейн жана санариптик индустрия боюнча Борбор Азия ассоциациясынын президенти Тариел Искаков кайрадан кепке кошулду:

Биткоин.
Биткоин.

«Мисалга, сиз акчаңызды банкка депозитке салып, пайызы аз-аздан болсо да пайда тапсаңыз болот да, туурабы? Акчаңыз сакталып да турганы да артыкчылык. А бул криптовалютаны сатып алсаңыз да ошондой эле болот. Биткоин алып койсоңуз, каражатыңыз сакталып турат, кымбаттаса пайда табасыз. Маселе жок, арзандап кетиши да мүмкүн. Башкача айтканда бул инвестициялык каражат, сиз тобокелге салып иш алып барасыз. Акция сатып алсаңыз деле ал кымбаттап кетет же түшүп кетет, алтын да ошондой. Ушуларды сатып алгандай эле иш да. Бирок негизи баа өсүп турат деген болжол бар. Анткени эмиссия деген бар, маселен биткоин дүйнөдө 21 млн. гана даана чыгарылат. Азыр 4-5 млн. нуска эле калды, андан ары ал чыгарылбайт. Башкача айтканда дефицит болот. Ал эми өкмөттөр кадимки акчаны жыл сайын чыгара берет да, керек болсо долларды да чыгара беришет. Ал инфляцияга алып келет. Ал эми криптовалюта алтын сыяктуу түгөнүп калат, аны андан ары чыгарганга болбойт. Мунун башка артыкчылыгы - аны сиз каалаган өлкөгө которуп коё аласыз, ал жактагы шеригиңиз криптовалютаны алып, сатып жиберип, акчаны ала берет. Жөнөкөй акча которсоңуз ага комиссия алышат, муну болсо жөн эле которуп коёсуз, ушундай артыкчылыктары бар дегендей. Дүйнөдө муну менен кадимки ресторанда тамак үчүн төлөөгө же буюм сатып алууга да мүмкүнчүлүк ачылган. Жалпы криптовалюта деп аталат, биткоин, риппл, эфириум, лайткоин дегендер анын түрү. Бардыгы эле акча, бирок доллар, евро, юань, рубль, теңге же сом деген түрлөргө бөлүнөт да, бул да ошол сыяктуу».

Ыңгайына жараша биткоинди кадимки накталай акча менен алмашуучу жайлардан же Интернеттеги атайын компаниялардан сатып алгандар бар. Сатып алынган биткоиндер компьютердеги же чөнтөк телефондогу виртуалдуу капчыкта сакталат. Ар бир биткоин кимден кимге которулуп жатканы дүйнөдөгү компьютерлердин түйүнүндө же «блокчейнде» сакталып турат. Андыктан дүйнөлүк Интернет желеси сыяктуу эле бир компьютерди өчүрүү менен биткоинди жок кылуу мүмкүн эмес.

Бул тармактагы адис Даниил Вартановдун түшүндүрмөсү мындай:

Риппл (Ripple) криптовалютасынын эни.
Риппл (Ripple) криптовалютасынын эни.

«Криптовалюта – бул борбордук банкка ээ болбогон бүткүл дүйнөлүк валюта, криптовалюта үчүн эч ким «басма станогун» иштетпейт жана эл аралык которууга чектөө коё албайт. Ушуга окшогон (Интернет, криптовалюта) бардык ойлоп табуулар – бул дайыма Кыргызстан сыяктуу жакыр өлкөлөрдүн пайдасына мүмкүнчүлүктөрдү бөлүштүрүү. Интернет бизге Кыргызстандан чыкпай туруп дүйнөнүн бардык жеринде окууга жана иштөөгө мүмкүнчүлүк түзсө, криптовалюта бардык кыргыз жарандарына арзан эл аралык акча которууга, насыяларга жана финансылык институттардын бардык түрлөрүн колдонууга шарт түзөт. Соңку мүмкүнчүлүккө мурда дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн жашоочулары – «алтын миллиард» гана ээ болчу».

Албетте, дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда деле көзгө көрүнбөгөн жана колго кармалган Интернеттеги акчадан кооптонгондор көп. Ал тургай адистер арасында да криптовалютанын жүгүртүлүшүн сынга алгандар бар. Айрымдар аны «финансылык пирамидалар» менен салыштырып, кээлери виртуалдык акчаны «экономикалык көбүк» («экономический пузырь») деп атаган. Вартанов бул жүйөлөргө боюнча да оюн айтты:

«Мунун бирөө толугу менен туура, экинчиси таптакыр туура эмес. Криптовалюта финансылык пирамидаларга таптакыр тиешеси жок. Финансылык пирамидалардын башкаруучу борбору бар (кайсы бир Мавроди), ал эми криптовалюталар – бул таптакыр башкарылбаган көрүнүш. Бул экөөнү сабатсыздыктан улам окшоштуруп алышкан, балким бул да тигил да капыстан баюуга жана капыстан банкрот болууга алып келгени үчүн болсо керек, бирок алардын себептери ар башка. Ал эми «көбүк» - бул туура сөз жана ага олуттуу караш керек. Биткоинди алмаштыруу курсунда бир нече жылда бир «көбүк» үйлөнүп турат. Бул криптовалютанын өзүнүн табияты тууралуу эч нерсе айтпайт, себеби «финансылык көбүктөр» тюлпандарда да, интернет-стартаптарда да болуп турат. Мындай балээге адамдардын акылын ачкөздүк басып, иши чектен чыгып кеткен учурда ар бир көрүнүш же ар бир предмет кабылышы мүмкүн. Азыр маселен биткоинди алмаштыруу курсунда кайсы бир деңгээлде «көбүк» пайда болду десек болот. Бул эмоцияларга таптакыр алдырбаш керек жана долларларды биткоиндерге алмаштырууга шашпаш керек деген сөз. Эгер «көбүк» сиздин криптовалюталарга кызыгууңузду жаратса – бул жакшы, бир аз тыным алыңыз, криптовалюталар кандай иштей турганын изилдеңиз. «Көбүк» бүткөндөн кийин (адатта алар бир нече айга созулат), шашпай, тынч абалда биринчи биткоиндериңизди сатып алыңыз. Ага чейин чарпылбай туруңуз».

Кыргызстандагы криптовалюта жана майнинг

Учурда Кыргызстанда криптовалютаны колдонгон канча киши бар экени так эмес. Аталган тармакта иш жүргүзгөн фирмалардын саны да белгисиз. Жогоруда түшүнүктүү болгондой буга, бул рыноктун көзөмөлгө алынбаганы жана маалыматтарды тактоого тиешелүү мыйзамдын жоктугу себеп болуп келген.

Бирок ошентсе да криптовалютаны алмаштыруучу жайлар ушу күнгө чейин иштеп келишет. Маселен, алардын бири bit.kg сайты. Мында кеминде он криптовалютанын курсу көрсөтүлгөн.

Bit.kg сайтындагы криптовалюталардын курсу.
Bit.kg сайтындагы криптовалюталардын курсу.

«Азаттык» бул сайтты иштетип жаткандар менен байланышкан учурда алар өздөрүн ачык атоодон баш тартышты. Ошентсе да сайттын өкүлү анонимдүү түрдө буларды айтып берди:

«Биз адамдардан криптовалютаны сатып алабыз же кайра аларга сатабыз. Ортодогу пайыздан пайда табабыз. Кадимки эле акча алмаштыруучу жай катары иштейбиз. Бизге телефон аркылуу байланышат, анан шаарда бир жерден жолугабыз да, сатып алабыз же сатабыз. Биздин өзүбүздө капчык жок, алып-сатууну ар кайсы биржаларда катталган капчыктар аркылуу жүргүзөбүз. Карасаңар, криптовалюта кымбаттап жатпайбы. Адамдар ошондон пайда тапкысы келет же жөн эле жаңы бир нерсе кылып көргүсү келет».

Бишкек жана Ош шаарларында айрым жерлеринде казиного же автоматтык оюндарды уюштурган жайга окшогон имараттарды байкап калсаңыз керек. Аларда да ушул криптовалюталар сатылары маалымдалат.

Маселен, борбор шаардын Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Айни көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан Ringotrade.kg финансылык брокерине баш багууга аракет кылып көрдүк. Имараттын сыртында биткоин (Bitcoin), Опекс (Opex), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum), лайткоин (Litecoin) криптовалюталары жазылып турат. Мында криптомат да бар экени көрсөтүлгөн.

Ringotrade.kg финансылык брокери. Бишкек, Кыргызстан.
Ringotrade.kg финансылык брокери. Бишкек, Кыргызстан.

Аталган жайга киргенибизде, имараттын ичинде бир нече мониторлор турганын көрдүк. Андагы кызматкерлерге журналист экенибизди айтып, маалымат сураганыбызда, сакчы бизди сыртка чыгарып салды. Бирок кийин бул жайдын адиси анонимдүү шарт менен кыскача мындай маалымат берди:

«Криптобиржалар өтө көп, алардын жүздөгөн түрлөрү бар. Ошол эле убакта брокерлер бар. Брокер деген бул ортомчу. Башкача айтканда биржалардан криптовалюта алгандар бизге келип, биздин жардамыбыз аркылуу сатып алып турушат. Биз болгону аларга өз аянтчабыз аркылуу эл аралык рынокто алды-сатты жүргүзүшүнө шарт түзүп беребиз. Мониторлорубузда турган баалар - так ошол биржалардагы баалар. Биздин фирма Европа өлкөлөрүндө катталган, бирок Кыргызстанда деле мыйзамдуу иш жүргүзөбүз».

Дагы бир көрүнүш. Коммуналдык кызматтарды, Интернет же башка кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашырган кадимки терминалдарда да криптовалюта сатып алуу үчүн көзөнөкчөлөр байкалат.

Бишкектеги терминалдардын бириндеги криптовалюта сатып алуу көзөнөкчөсү.
Бишкектеги терминалдардын бириндеги криптовалюта сатып алуу көзөнөкчөсү.

Бирок сыягы кыргызстандык жарандар электрондук акчаны негизинен эл аралык биржалардан сатып алып келишет. Анын ичинде Binance, BitMEX, Poloni DEX, dYdX, Exmo, LiveCoin, WavesDEX, Uniswap, Atomex, Nash, ByBit, OKEx, Deribit, Kraken, Bitfinex, Cryptonit сыяктуу биржаларда өз алдынча криптокапчык ачып, биткоин же башка валюталарды алып-сатышат.

Ошол себептүү тиешелүү мыйзам кабыл алган учурда мына ушундагы агымды көзөмөлдөө мүмкүн эместей.

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн башчысы Айбек Султаналиев:

«Эл аралык криптобиржалар башка өлкөлөрдө иштешет да. Ага жарандар түз кирип, өзүнчө аккаунт, капчык ачып, алып-сатуу жүргүзөт. Биз мыйзам кабыл алсак деле алар бизге маалымат бербейт. Аларды өздөрү иштеген өлкөлөр көзөмөлдөйт. Азырынча ага биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Бирок биз жогоруда айтылгандай, бизде катталган алмаштыруучу операторлордон маалымат алып турабыз. Бирок белгилеп койчу жагдай, эл аралык биржаларды хакерлер бузуп кирип, криптовалюталарын уурдап кеткен учурлар болуп жатат. Ошондуктан эгер жарандар жергиликтүү операторлордон криптовалюта сатып алууга өтсө, мында кайсы деңгээлде кепилдик түзүлөт», - деди.

Электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык, математикалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта өндүрөт. Бул үчүн алар электр энергиясын өтө көп колдонот жана токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстанда майнинг-фермалар кайсы жылдан тартып иштей баштаганы так эмес. Айрым компаниялар 2014-жылы ачылганы айтылат. Мамлекеттик органдар алгач алардын иштешине маани бербей келсе, кийин алар электр энергиясын өтө көп колдоно баштаганы кабарлангандан кийин күрөш башталган.

Маселен, мурдагы жылы эле Финансы полициясы бир канча кичирайонго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталганын кабарлаган. Финполиция бул компаниянын электр энергиясын пайдалануусу нормадан ашканын, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгилеген. Былтыр болсо эки фирма аныкталган.

Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма.
Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма.

Кийин, Улуттук энергохолдинг компаниясы 45 даана майнинг компания 136 – 138 мВт көлөмүндөгү (1 млн. кВт) электр энергияны пайдаланып жатканын кабарлап, алар менен келишимди үзгөн. Натыйжада компаниялар дээрлик жабылып калган.

Ага карабай Кыргызстандын өкмөтү 2020-жылдын башында электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-фермаларга салык киргизүү боюнча демилгеси көтөрүп, былтыркы жылдын 1-августунан тартып атайын салык иштей баштаган. Ага ылайык, майнерлер иштеткен электрдин наркынын 15% салык катары бюджетке төгүшү керек эле. Мындан бюджет жылына 350 миллион сомдой пайда таап турары көрсөтүлгөн.

Бирок биринчиден майнинг компаниялардын өзүнүн иштешин камсыз кылган мыйзамдар али кабыл алына элек. Экинчиден, «Токтогул» гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычтагы суунун көлөмү учурда өтө аз болуп, ток калктын өзүнө жетпей жатат. Ушундай шартта майнерлердин иштеши азырынча мүмкүн эмес.

«Улуттук энергохолдингдин» басма сөз катчысы Азамат Курамаев «Азаттыкка» мындай маалымат берди:

«Юридикалык жактан маселе болуп жатат. Мыйзамдарда криптовалютаны өндүрүү, майнинг деген нерселер көрсөтүлгөн эмес. Салык кодексине өзгөртүү киргизилди, тийиштүү тариф бекитилген, бирок майнинг-фермалардын өзүнө уруксат берилген эмес. Бизде электрди пайдалануу эрежелери бар, анда техникалык шарттарды алганда эмне максатта колдоноруңузду көрсөтүшүңүз керек. Анан ал максаттан тышкары колдонсоңуз, бизге электр энергиясын үзүп салууга мыйзам уруксат берет. Буга чейинки компаниялар ар кайсы багыттагы ишканалардын ичине кирип алып эле иштеп келишкен да, текшерип келгенде уруксаты жок болуп чыккан. Мына ошондон улам алар азыр иштебейт».

Биткоин алуучу жабдык.
Биткоин алуучу жабдык.

Арийне, «Токтогулдагы» суунун көлөмү 2020-жылы жайда болгону 14-15 млрд. куб метрди түзгөн. «Электр станциялары» ишканасынын сайтында кабарлангандай, ушул күндөрү бул көрсөткүч 12 млрд. куб метрге жетпей калып жатат.

Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу кыргыз өкмөтү быйылкы күз-кыш айларында Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууда. Ошондой эле өкмөт элге кайрылып, электр энергиясын жылуулук үчүн эмес, жарык үчүн гана пайдаланууга чакырган.

Бул жагдайда криптовалюта чыгаруу үчүн майнинг компаниялардын иштешине уруксат берүү реалдуу эместей. Энергетика тармагы боюнча эксперт Наргиза Касымова мындай дейт:

«Энергетикалык кырдаал чынында өтө оор. Анткени суу аз, электр энергиясы тартыш, жарык үч-төрт күн жок болуп жаткандыктан айрым конуштардын жашоочулары жол тосуп, дөңгөлөктөрдү өрттөп жатышат. Бул жагдайга бийликтер, энергосектордун жетекчилери да даяр болуш керек эле. Бардык маалыматтары колдорунда. «Лимиттен чыгып кетип жатат» деп жатат, бул тармактын жетекчилери кимдер ашыкча пайдаланып жатканын тактап алыш керек. Анткени былтыркы жылдын ортолорунда майнинг-ферма сыяктуу керектөөчүлөр пайда болуп калган. Майнинг-фермалар өтө чоң көлөмдөгү электр энергиясын колдонушат. Алар калк эмес жана алар колдонгон электр энергиясы баланска киргизилген эмес. Азыр байкалып жаткан дисбаланс ошол майнинг-фермалар менен тиешеси барбы-жокпу деген жагдайды иликтеш керек. Себеби кээ бир компаниялар 77 тыйын төлөгөн калкка бербей, 2 сом 90 тыйындан төлөгөн майнинг-фермаларга электр энергиясын берип келиши мүмкүн. Кризистин себебин ушундан издеш керек».

Интернеттеги ачык маалыматтарга ылайык, майнинг өндүрүүдө Кытай мамлекети лидер болуп саналат жана биткоин чыгаруунун 70% ушул өлкөгө туура келет. Суук климаты жана арзан электр энергиясы менен белгилүү Исландияда ири майнинг фермалары иш алып барат. Грузия менен Орусияда да биткоин өндүрүүчү чоң компаниялар жайгашкан.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG