Линктер

шейшемби, 25-июнь, 2019 Бишкек убактысы 08:09

Электрондук капчык элге сиңе баштады


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда акча жүгүртүүдө электрондук капчык колдонгондордун саны 1,5 миллионго жакындады. Жылдан-жылга өнүгүп жаткан бул кызматтын түрү ыңгайлуу болгондуктан көп адамдарды өзүнө тартып жатат. Бирок дагы эле мүчүлүштүктөрү бар.

Учурда жергиликтүү тогуз электрондук капчык болсо, анын көбүнө банктар жана уюк байланыш операторлору ээлик кылат. «Элдик экономика» түрмөгүнөн электрондук капчык жөнүндө баяндайбыз.

Электрондук акча жана капчык

Биринчиден, бул баяныбыз жарнамалык максатта эмес, маалыматтык багытта экенин эскерте кетели. Экинчиден, дароо эле электрондук акча жана электрондук капчык дегендин өзүнө түшүндүрмө берип алалы.

Бул үчүн алгач Улуттук банктын «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндөгү жобосундагы» юридикалык аталышка кайрылып көрөбүз. Анда «электрондук акча - программалык-техникалык жабдууда электрондук түрдө сакталган (алдын-ала төлөнгөн карттар, виртуалдык алдын-ала төлөнгөн карттар жана электрондук капчык электрондук акчанын куралы болуп саналат), акцептанттар уюмунун жана электрондук акча эмитенти-уюмунун товарлары/кызмат көрсөтүүсү үчүн төлөм каражаты катары кабыл алынган акча наркы» деп жазылып турат.

Ушул эле документте «электрондук капчык - анда электрондук акча суммасы жана алардын ээлик кылуучуларга таандык экендиги жөнүндө маалымат камтылган программалык камсыздоо же башка программалык-техникалык жабдуу түрүндөгү электрондук акчаны сактоо жабдуусу» деп белгиленген.

Эгер жөнөкөй тил менен түшүндүрсөк, электрондук акча - бул кадимки эле накталай жүгүртүлгөн акчанын электрондук варианты. Ал эми электрондук капчык так ушул каражатыңыздын сактоо кампасы.

Бул мындай караганда кадимки эле банктарда ачылган эсепке окшош. Маселен, сиз ал эсебиңизге акча саласыз, бирөөгө которосуз, кайсы бир нерсеге төлөй аласыз. Электрондук капчыкта деле ушул кызматтарды аткарса болот. Болгону капчык катары бул жерде сиздин эсебиңиз эмес, сиздин телефон номериңиз кызмат кылат. Башкача айтканда акчаңыз банктык эсебиңизде эмес, сиздин номериңизде сакталып турат.

Кыргызстандагы ири электрондук капчыктардын бири болуп саналган «Элсомго» ээлик кылган KICB банкынын өкүлү Мээрим Каратаева буларды маалымдады:

««Элсом» электрондук капчыгы – мобилдик телефон аркылуу, 24 саат бою ар кандай финансылык төлөмдөрдү ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген каражат. Электрондук капчык ачыш үчүн кардарлар банкка кайрылса болот же болбосо мобилдик тиркемени өзүнө жүктөп, ошол аркылуу төлөмдөрдү жүргүзсө болот. Бирок тиркеме аркылуу катталган учурда колдонуучу 15 миң сомго чейин гана акча жүгүртө алат, ал эми банктан катталса 900 миң сомго чейин акча айланта алат. Башкача айтканда мында электрондук капчыктын бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алат. Жөнөкөй сөз менен айтканда электрондук капчык - бул бат, оңой жол менен төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк алуу деп айтсак болот».

Каратаеванын айтымында, учурда «Элсом» электрондук капчыгын 450 миңдей адам пайдаланып жатат. Бул аталган банк үчүн чоң секирик.

Жалаң эле аларда эмес, Кыргызстанда башка электрондук капчыктардын да колдонуучулары алдыңкы бир-эки жылда эки эсе көбөйдү деп айтууга болот. 2017-жылы бул сан 700 миңдей эле болсо, быйыл бир жарым миллионго чукулдады.

Улуттук банктын Төлөм системалары башкармалыгынын санарип жана финансы технологиялары боюнча бөлүмүнүн начальниги Айбек Султаналиев мындай дейт:

Айбек Султаналиев.
Айбек Султаналиев.

«Азыркы учурда электрондук акчаны эмиссия кылуу укугун 9 коммерциялык банк алган жана төлөм кызматы рыногунда электрондук акча менен эсептешүү боюнча 9 система иш жүргүзөт. Алар «Элсом», «Илбирс», «Umai.kg», «Береке», «Аманат», «Balance», «О!Деньги» «MegaPay» жана «Алтын» электрондук төлөм системалары. Алардын ичиндеги капчыктардын көрсөткүчтөрү, саны боюнча 2018-жылы өсүшү байкалды. 2019-жылдын 1-январына карата электрондук капчыктардын саны 1 миллион 209 миңди түздү жана 2018-жылдын 1-январына карата 1,8 эсе өстү. Ал эми 2019-жылдын 1-апрелине карата электрондук капчыктардын саны 1 миллион 400 миңден ашты».

Улуттук банктын өкүлү жарнама болуп калбашы үчүн кайсы электрондук капчыктар кимге караштуу экенин так билдирүүдөн баш тартты.

Бирок биз жогоруда «Элсом» электрондук капчыгы KICB банкына тиешелүү экенин биле алдык. Ачык маалыматтарга ылайык, БТА банкыныкы «Илбирс» жана «Айыл Банктыкы» «Береке» деп аталат.

«Алтын» электрондук капчыгын «Моменталдуу төлөм жүргүзүүнүн бирикккен системасы» («Объединенная система моментальных платежей») жоопкерчилиги чектелген коому менен «Кыргызстан коммерциялык банкы», «Umai.kg» электрондук капчыгына «ВМ Technologies» жоопкерчилиги чектелген коому, «Росинбанк», «Оптима банк» чогуу иштетет.

Мындан сырткары үчөөнө уюк байланыш операторлору ээлик кылат. Тагыраагы «MegaPay» капчыгы «Альфа-Телеком» («Мегаком» бренди), «Balance» капчыгы «Скай Мобайл» («Билайн» бренди) жана «ОДеньги» капчыгы «НУР Телеком» («О» бренди) компанияларына караштуу. Бирок соңку үч электрондук капчыктын баары «ДосКредоБанк» аркылуу ишке ашат. Башкача айтканда алардын кардарларынын акчасы аталган банк аркылуу жүгүртүлөт.

«ДосКредоБанкка» ошондой эле алдыда аталган «Аманат» электрондук капчыгы да карай турганы белгилүү.

Аталган электрондук капчыктар бир банкта катталуу менен бирге башка да банктарда иштей бериши ыктымал экенин белгилеп коелу.

Электрондук капчыктын шарапаты

Электрондук капчыктар аркылуу биринчи кезекте коммуналдык кызматтарга, телеканалдарга, Интернетке акча төгүп, салык төлөсө болот. Кайра эле уюк номериңизге бирдик жүктөй аласыз, кайрымдуулук үчүн уюмдарга же жеке тараптарга акча сала аласыз, кайсы бир товарларга же кызматтар үчүн акча бере аласыз же киного билет сатып ала аласыз.

Капчыгыңыздагы каражаттан насыяңызды жапсаңыз болот же ушул эле эсебиңизге бирөө банктан акча которсо аны банк аркылуу накталай акчага айлантып ала аласыз.

Бул кызматтардын бир чети эле. Кээ бир электрондук капчыктарда 100дөн ашуун, айрымдарында 300гө жакын кызматты пайдалануу мүмкүнчүлүгү бар. Муну дагы кеңейтиш үчүн банктар жана компаниялар өзүнүн электрондук капчыгына жаңы кызматтарды, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат.

«Мегаком» бренди менен белгилүү «Альфа-Телекомдун» СЕО маркетинг бөлүмүнүн башчысы Керим Нурлан уулу буларды айтты:

«МегаПей» электрондук капчыгына кошулгандардын катары күндөн күнгө калыңдап баратат. Башкача айтканда ай сайын акча которуу, тиркемени жүктөп алуу көбөйүүдө. Электрондук капчыкта кызмат көрсөтүүнүн түрү 200гө жакын, бул дагы көбөйөт. Акыркы эле жаңылык катары «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында айыппулдарды текшерүү, кабар алуу жана төлөө функциясын киргиздик. Эми колдонуучулар өздөрүнүн электрондук капчыгына автоунаасынын номерин туташтырып, айыппулун текшерип турат. Эгер айыппул катталса, ошол жерден эле төлөй алат».

Албетте, коммерциялык банктар өздөрүнүн бардык тармактагы сервистеринин артыкчылыктарын айтып түгөтө албайт деңизчи. Бирок электрондук капчыктарга келгенде кызматтын бул түрүн кардарлар да мактоого алышат. Бул биринчи кезекте аларга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү, жеңилдиктерди берип жатканы менен байланыштуу.

«ОДеньги» электрондук капчыгын колдонуп жаткан Данияр Абдраимовдун пикирин уктук.

«Мен «ОДеньги» электрондук капчыгына терминалдан эле акча салып коем. Аны көбүнчө бирдиктерди которгонго, тарифтерди алмаштырганга же башка бир кызматтардын акысын төлөш үчүн колдоном. Үйдөгүлөр, ата-энем да ушундан капчык ачышкан. Алар ага 1000-2000 сом салып коюшат, ошол жерден электрге, газга же тазалыкка төлөп коюшат. Коммуналдык кызматтарга баары бир төлөйсүң да, ошондуктан электрондук капчыкта акчаны кармап турган ыңгайлуу», - деди ал.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Магдыркан Кеңешбек кызы да электрондук капчыктарды колдонуп жатканына үч жылдай болуптур. Ал да бул кызматтын кемчилигин атай алган жок:

«Мен «Элсомду» колдоном. Негизи электрондук капчыктардын артыкчылыгы ишемби-жекшембиге карабай кайсы бир жакка акча которо алганыңда, төлөмдөрдү күнү-түнү жүргүзө алгандыгыңда деп эсептейм. Биздин үй-бүлөдө баарыбызда электрондук капчыктар бар».

Бирок ошол эле кезде электрондук капчыктан банктык эсепке акча которууда маселе бар экенин айткандар да кездешет. Башкача айтканда электрондук капчык деле, эсеп деле мекемеге таандык болгонуна карабай кээ бирлери бул кызматы үчүн да акы алышат экен.

Жеке ишкер Исланбек Турганбаев ушул жөнүндө ойлорун ортого салды:

«Мисалы «MegaPay», «Balance», «ОДеньги» электрондук капчыктары - баары «ДосКредоБанктын» базасында турат дейли. Же ошол эле «Элсом» KICB банкында дейли. Эми бул капчыктарды колдонуп жатып эле акчаны ушул эле банктагы банктык эсебиң котороюн десең коммиссияга акы алышат. Бир банктын өзүнөн эле кайра өзүнүн эсебине акча которгонго алардын эмнеси кетип жатат? Мисалы мага бирөө капчыктан 1200 сом ыргытса, өзүнөн өзү эле беш сом түшүп калат».

Ошол эле кезде адистер электрондук капчыктардын биринен экинчисине акча которуу функциясынын ишке кирбей жатканын да бул кызматтын кемчилиги катары көрүшөт.

Финансылык маселелерди чагылдырган «Акчабар» порталынын башкы редактору Азиза Бердибаева бул боюнча өз сунушун айтты:

«Акчабар» порталы.
«Акчабар» порталы.

«Менимче электрондук капчыктарды түзгөн бардык тараптар бирдиктүү система түзүшү керек. Мен колдонуучу катары кайсыдан төлөйм деп ойлонбогондой деңгээлге жетишүүбүз зарыл. Мен кайсы бир электрондук капчыкта акчам болсо, башка бир электрондук капчыктагы таанышыма акча которуп кое тургандай болуш керек. Маселен азыр бардык электрондук капчыктар бирдей эле кызматтарды, бирдей эле сапатта көрсөтүшөт. Айрымдарында эле өзгөчөлүктөр болбосо, баары окшош эле. Демек мага колдонуучу катары, кайсынысын пайдаланып жатканым маанилүү эмес. Ал эми алар азыр атаандашуу аркылуу чогуу иштей албай атышат. Ошондой эле көпчүлүк чакан бизнес ээлеринин өкүлдөрү, соода борборлорундагы бутиктер жана башка жайлар бул мүмкүнчүлүктү киргизбей жатканы кейиштүү. Маселен, менде банктык карта бар, бир нече электрондук капчыгым бар. Ушунун баарына ээ болуп туруп да кээ бир жерге барганда төлөөгө мүмкүнчүлүгүм жок болуп калып жатат. Анткени бул үчүн инфратүзүм дагы эле жок».

Ал эми электрондук капчыктардын биз байланышка чыккан кожоюндары ушул жана башка маселе боюнча кызматташуу багытында экинчи тараптар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын четке кагышкан жок. Алар жакын арада болбосо да, келечекте бир капчыктан экинчи капчыкка акча которуу ишке ашып калаарына ишендиргендей болушту.

Качуунун себеби жана коопсуздук

Эми кеп болуп жаткан банктык кызматтын экономикадагы орду жана коопсуздугу жөнүндө токтоло кетели.

Финансы жаатындагы адистер негизи накталай эмес акча каражатын айлантуунун көбөйүшүнүн өзүн колдоого алышат. Анткени бул каржы жүгүртүүдө ачыктык жаратат жана көмүскө экономиканын көлөмүн азайтат. Электрондук капчык деле ушул сыяктуу салымы бар.

Бирок азырынча түшүнбөстүктөн жана атайылап качуудан улам бул кызматка кошулгусу келбегендер да көп. Ишкер Исланбек Турганбаевди кайра кепке тарттык.

«Электрондук капчыктын өнүгүшү Кыргызстанды көмүскө экономикадан да алып чыгат, - деди ал. - Анткени бул жерде акча реалдуу айлантылат, кайда, кимде турганы - бүт эсеби бар. Бүт өнүккөн мамлекеттердин баары эчак эле ушуга өткөн. Аларда эч ким накталай акча көтөрбөйт же ошол банктык эсеби же телефонундагы электрондук капчыгы менен эле төлөп коюшат. Ал эми бизде кафелер, дүкөндөр бул капчыктар менен, карта менен кабыл алгысы келбейт. Себеби болгон акча жүгүртүүсүн көрсөткүсү келбейт, салыктан качат. Банктар «терминалды иштеткиле, электрондук капчык менен иштегиле» деп акысыз берип жатат. Бирок ага карабай өтпөй жатышат. Булар акча чөнтөккө гана түшүшүн каалашат. Эртең текшерүү келет деп коркушат».

Электрондук капчык дегенде муну кадимки эле мобилдик банкинг кызматы менен чаташтырбаш керек. Мобилдик банкинг (дээрлик бардык банктарда бар) - бул сиздин банктык эсебиңиздеги акчаны жүгүртүү, ал эми электрондук капчык - бул сиздин чөнтөк телефонуңуздагы акчаны айлантуу. Экөө негизги мазмуну окшош эле, бирок кызматтары, мүмкүнчүлүктөрү түрдүүчө. Бирок экөө тең реалдуу, банктын эсебинде турган акча менен байланган.

Улуттук банктын адиси Айбек Султаналиев бул коопсуздук үчүн кепилдик деп эсептейт.

«“Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө” мыйзамга ылайык, Кыргызстанда электрондук акчанын эмитенти болуп электрондук акча чыгарган жана электрондук акчанын ордун жабыш үчүн шартсыз жана кайтарымсыз милдеттенмелерди өзүнө алган банк саналат. Ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы электрондук акча жөнүндө» жобого ылайык, электрондук акча системасында чыгарылган электрондук акчанын көлөмү жана суммасы банктын бухгалтердик балансында, банктык эсепте көрсөтүлгөн көлөмгө жана суммага дал келүүгө тийиш. Ошондуктан электрондук акчага 100% көлөмдө банк эмитенти тарабынан кепилдик берилгенин ишенимдүү айтса болот. Башкача айтканда электрондук капчыктарда канча акча болсо, банкта да ошол акча турушу керек. Бул банкрот болуп калган учурда же башка учурларда кардарлар үчүн кепилдик болуп саналат», - деди ал.

Былтыр байланыш операторлору менен Улуттук банктын ортосундагы келишпестик да ушул темадан улам чыккан эле. Анда башкы каржы көзөмөл мекемеси уюк байланыш операторлорун уюктук баланстан электрондук капчыкка акча которууга тыюу салган жобону сунуш кылган.

Улуттук банктын жүйөсүндө уюк байланыш операторлору электрондук капчыктарына акчаны терминалдар аркылуу бирдик сыяктуу эмес, акча түрүндө салышы керек эле. Бул талап кайра эле кардардын каражатынын кепилдиги үчүн зарыл болгон. Буга операторлор каршы чыкканы менен, соңунда баары бир Улуттук банктын талабы келтирилген жобо ишке кирген.

Мунун фонунда компаниядагы чырдан улам «Мобильник.Деньги» электрондук капчыгына ээлик кылган «Мобильник» ишканасынын тиешелүү лицензиясы чакыртылып алынган.

Бирок ушуну менен эле электрондук акча жүгүртүүнүн коопсуздугу чечилип калдыбы? Финансы жаатындагы эксперт Бакыт Сатыбековдун оюн угалы.

Бакыт Сатыбеков.
Бакыт Сатыбеков.

«Электрондук капчык эле эмес, жалпы жонунан мобилдик банкингди ала турган болсок, коопсуздук маселеси туура көтөрүлүп жатат, - дейт ал. - Муну алдын алыш үчүн электрондук капчыктарда кайсы бир суммадан ашык акча кармоого чек коюлган. Негизги акчаны банктын өзүндө эле кармап турган жакшы. Албетте, заманбап технология сиздин капчыгыңыздагы акчаны коргоодо орду чоң. Жабдууда, тиркемеде операцияларды бармактарды изи менен же пин-коддорду коюу менен коргоого мүмкүнчүлүк бар. Бул жагынан коопсуздук нормалдуу эле. Бирок маселен Индияда электрондук капчыктардагы эсептешүү Борбордук банкта жүргүзүлөт. Башкача айтканда мамлекет ким, кайсы жакка акча которгонун карап турат, көзөмөл органы үчүн баары ачык-айкын. Ушундай чечим болсо жакшы болмок. Бизде ар бир уюк байланыш оператору өз алдынча банк сыяктуу болуп, лицензия менен иштеп жатат. Балким алардын кардарлары «Депозитти коргоо жөнүндө» мыйзамдын чегинде коргоого алынаар, бирок жөнөкөй электрондук капчык бизде жакшы корголгон эмес. Анткени бул жөн гана кардар менен оператордун ортосундагы эле келишим. Кардарлар 100% корголгон деп эч ким кепилдик бере албайт. Банктар эмес, кээде мамлекеттер да банкрот болуп калышы ыктымал».

Жергиликтүүлөрдөн сырткары Кыргызстанда чет элдик жети компания электрондук капчык багытында иш жүргүзөт деп катталган. Алар «Платежный центр» (ООО), TOO «WOOPPAY» (ВУППЭЙ), TOO «W1 Kazakhstan» (Wallet One), ТОО «Allpay» (Олпэй), ТОО «RPS Asia», ООО «ГЛОБПЭЙ» жана КИВИ банктары. Булар менен көбүнчө чет элдик сатып алууну жүргүзсө болот. Бирок аталган электрондук капчыктарда балансты толтуруу да бардык терминалдан мүмкүн эмес.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG