Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:32

Беларус криптобиржа ачты


Криптобиржанын кеңсеси, Минск, 15-январь 2019-жыл.
Криптобиржанын кеңсеси, Минск, 15-январь 2019-жыл.

Беларус фирмасы дүйнөдөгү биринчи криптобиржаны ачканын жарыялады. Бул биржада акцияларды биткоин сыяктуу виртуалдык валюта менен сатып алса болот. 2017-жылы Беларус криптовалюталар менен финансы операцияларын жүргүзүүнү мыйзамдаштырган дүйнөдөгү саналуу өлкөлөрдүн катарына кошулган.

15-январда Минскиде адаттан тыш биржа иштей баштады. Кадимки биржалардан айырмаланып, Currency.com аттуу бул платформа акцияларды криптовалюта менен сатып алууга же сатууга мүмкүнчүлүк берет. Алтын сыяктуу салттуу товар жана продукцияларды чыгарган компанияларга виртуалдуу валюта менен инвестиция да жасаса болот.

Мындан тышкары кардарлар онлайн-биржа аркылуу криптовалютаны сатып алып, аны беларус рублине айырбаштай алышат.

Бул долбоорго Лондондо турган беларус ишкери, “VP Capital” компаниясынын кожоюну Виктор Пракапения жана орусиялык ишкер Саид Гуцериев финансылык колдоо көрсөткөн.

Криптовалюталардын бири - биткоин. 6-ноябрь, 2017-жыл.
Криптовалюталардын бири - биткоин. 6-ноябрь, 2017-жыл.

- Currency.com – криптоинвесторлорго өз инвестициясын реалдуу активдерге алмаштырууга мүмкүнчүлүк берген дүйнөдөгү биринчи аянтча. Криптовалютаны колдонуунун түрдүү ыкмасы бар жана бул багытта убадалар көп. Бирок учурда виртуалдуу валюталар негизинен инвестиция үчүн колдонулуп жатат. Криптоинвесторлор акчасын биржалардагы акцияларга, реалдуу бир мүлккө салууга мүмкүнчүлүгү болуп турганын каалашат, - деп билдирди криптобиржанын негиздөөчүсү Виктор Пракапения.

Жаңы платформа иштеп баштагандан эки саат өтпөй 2 миңдей инвестор каттоодон өтүү ниетин билдиришти. Жетекчилик криптобиржада соода жүргүзөм дегендер алгач арам акчаны адалдаган схемаларга каршы текшерүүдөн өтөт деп ишендирип жатат.

Беларустун IT тармагындагы дымагы

Биткоин сыяктуу криптовалюталар бир да өлкөгө таандык эмес жана "биттыйындарды" банктар сыяктуу ортомчу тараптардын жардамысыз эле бир адамдан экинчи адамга которсо болот.

Банк эсептеринен айырмаланып, виртуалдуу акчаны камакка алуу оңой эмес. Көпчүлүк криптовалюталарды сатып алууда колдонуучунун анонимдүүлүгү да сакталат.

Айрымдар үчүн бул артыкчылык болгону менен дүйнөнүн салттуу финансы тармагын тескөөчүлөр үчүн мындай жагдай чочулоо да жаратып келет. Алар виртуалдуу акчалардын курсунда тез-тезден олку-солку абал өкүм сүрүп турарын, буга акча салган инвестор көз ачып жумганча чоң акчасынан ажырап калышы мүмкүндүгүн айтышат.

Буга кошумча криптовалюталар маңзат же курал-жарак соодасы сыяктуу кылмыштуу транзакцияларда колдонулушу мүмкүндүгүн, хакерлер мындай акчаны уурдап кетиши мүмкүн экенин жүйө келтиришет. Мындан улам Британия сыяктуу айрым Батыш өлкөлөрүндө бул тармакты тескөө чакырыктары да айтылып жүрөт.

Беларус президенти Александр Лукашенко.
Беларус президенти Александр Лукашенко.

Ал эми Беларус тескерисинче криптовалюта дүйнөсүн келечектин кирешелүү тармагы деп мүнөздөп, деги эле IT тармагына соңку бир канча жылда өзгөчө көңүл буруп жатат.

Маселен, 2017-жылдын декабрында президент Александр Лукашенко Беларуста криповалютаны мыйзамдаштырган "Санариптик экономиканы өнүктүрүү жөнүндө" декретке кол койгон. Ага ылайык, жеке адамдарга электрондук акчаны сатып алып, алмаштырууга, майнинг сыяктуу криптовалюта чыгаруучу операцияларды жасоого жол ачылган.

Президент Лукашенко бир ай мурда орус телеканалдардын бири менен маегинде Беларуста IT инвесторлорго эркиндик берилгенин белгиледи:

- Алар өздөрү эмне керек экенин, эмне кереги жоктугун айтышты. Толук эркиндик берилди. Бирок мен аларга эмнеге жооптуу болушу керектигин да айттым. Салык дээрлик жок. Бирок табылган киреше өлкөгө кайтып келгидей болсун, аны өлкөдө каалашыңарча короткула дедим. Анан алар билим берүүгө акча сала башташты. Өздөрүнө билимдүү адистер жетишпей жатканын көрүштү.

Беларус президентинин 2017-жылдагы декретине ылайык, виртуалдуу валюта аркылуу ишке ашкан соода-сатык операцияларынан 2023-жылдын 1-январына чейин салык алынбайт.

Мындай жеңилдетилген шарттардан улам 2018-жылы Беларустун IT тармагындагы продукциялардын экспорту 25 пайыз көбөйүп, жалпы көлөмү Жогорку технологиялар паркынын тарыхында биринчи жолу 1 миллиард доллардан ашкан.

Беларус журналисти Александр Ярошевич бийлик эмне себептен IT тармагына өзгөчө эркиндик берип жатканынын бир нече ай мурда мындайча түшүндүргөн:

Минск шаарындагы "БелаПАН" агенттигинин журналисти Александр Ярошевич.
Минск шаарындагы "БелаПАН" агенттигинин журналисти Александр Ярошевич.

- Президенттин андан башка аргасы жок. Соңку жылдары Беларус Орусиядан мунай менен газдын баасында субсидия турүндө алган жардам бара-бара азайып баратат. Орусиянын Батыш менен тиреши башталгандан бери өзүнүн экономикасы начарлап, беларустарга субсидия берүүгө чамасы дагы азайды. Аларды карап отуруп, акыры Лукашенко түшүндү.

2006-жылы Минскиде маалымат технологиялар (IT) тармагын өнүктүрүү максатында Жогорку технологиялар паркы ачылган. Учурда Беларуста 115 миң IT адистери иштеп жатканы кабарланып келет. Алар айына Беларустагы орточо айлык акыдан кыйла көп маяна же орто эсеп менен 1800 доллар табышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG