Линктер

дүйшөмбү, 20-август, 2018 Бишкек убактысы 09:55

Криптовалютанын келечеги жана кемчилиги


Виртуалдуу валюталардын ичинен дүйнөгө кеңири тараган биткоиндин белгиси.

Венесуэла өзүнүн жаңы криптовалютасын чыгарды. Малайзиядагы фирма шарият мыйзамына ылайык келген виртуалдуу акчаны сертификациядан өткөрдү. АКШ менен Британияда санарип валюталардын ичинен эң кеңири таралган биткоинди көзөмөлдөө аракети күчөдү.

Көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган, бирок кадимки акчадан кем калышпаган криптовалюталар кандай иштейт? Эмне үчүн айрымдар мындай акчаны жан-дили менен жактаса, кайсы бири караманча каршы?

Виртуалдуу валютанын түрлөрү көбөйүп баратат

Петро... Экономикалык каатчылыктан чыга албай жаткан Венесуэла өзүнүн жаңы криптовалютасын дал ушинтип атады. Петро болжол менен 6 миллиард долларга бааланган 100 миллион виртуалдуу тыйындан турат. Алардын ар бири бир баррел чийки мунай менен камсыз болгон.

Өкмөт виртуалдуу акчасын сатуу менен санкцияларга кабылган экономикасына жаңы дем берүүнү көздөп турат. Венесуэланын президенти Николас Мадуро петро чыгарылгандан көп өтпөй эле кардарлардын кызыгуусун жаратканын 23-февралда билдирди:

- Бизге бир миллиард доллардан көп суммага тете сунуштар түшүп, макулдашуу түзүлдү. Эки күнгө жетпей бир миллиард доллардан ашып отурат. Алдыдагы күндөрдө мындан да көбөйөт.

Албетте, саясий укуктарды чектегени үчүн эл аралык коомчулуктун сынына кабылган бул өлкөнүн виртуалдуу акчасы канчалык ишеним жаратарын, ал глобалдык деңгээлде канчалык ийгиликтүү жүгүртүлөрүн эл аралык эксперттер азырынча так айта албай турушат.

Петро криптовалютасынын ачылышына арналган Каракастагы маалымат жыйыны. 21-февраль 2018-жыл.
Петро криптовалютасынын ачылышына арналган Каракастагы маалымат жыйыны. 21-февраль 2018-жыл.

Венесуала өзүнүн жеке виртуалдуу акчасын сатууга аракет кылып жатканда Малайзияда "HelloGold" фирмасы GOLDX криптовалютасына шарият мыйзамдарына туура келет деген сертификат алганын "Рейтер" агенттиги кабарлады. Кадимки алтынга негизделген бул криптовалюта мусулман өлкөлөрүндө да виртуалдуу акчага кызыгуу аз эмес экенин көрсөткөндөй болду.

Петро менен GOLDX дүйнөдөгү 1300дөн ашык виртуалдуу валюталардын бири гана (булак: coinmarketcap.com). Алар атаандаштыкка канчалык туруштук берери азырынча белгисиз.

Себеби бул тармакта биткоин (Bitcoin), риппл (Ripple), эфириум (Ethereum) сыяктуу ири криптовалюталар бар. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан "Financial Times" басылмасы жазгандай, учурда акча жүгүртүү көлөмү 1 миллиард доллардан ашкан 39 санариптик валюта бар. Алардын азыркы учурдагы гиганты - бул биткоин.

CoinMarketCap.com сайтынын эсеби боюнча, дүйнөдөгү виртуалдуу валюталар рыногунун (710 миллиард доллар) кеминде үчтөн бири биткоинге туура келет. Анда криптовалюталардын пайда-зыянын биткоиндин мисалында түшүндүрөлү.

Биткоин кандай иштейт?

Jpbitcoin.com сайтынын маалыматы боюнча, былтыр декабрь айында биткоинге байланыштуу глобалдык трансакциялардын үчтөн бири Жапониянын улуттук валютасы - иен аркылуу эсептелген. Бул Жапонияда биткоин колдонгондор көп экенин билдирет. Былтыр апрель айында жапон өкмөтү Азияда биринчилерден болуп биткоин сыяктуу криптовалюталарды төлөм каражаты катары тааныган.

Сентябрь айында Жапониянын Финансылык кызматтар боюнча агенттиги 11 компанияны криптовалютаны алмашуучу оператор кылып каттаган. Бул жагдай жергиликтүү элдин биткоинге кызыгуусун күчөткөн.

- Мен акчамды криптовалютага которуп коем. Муну бир жылдан бери кылып келатам. Үнөмдөгөн акчамды банкка салбай эле виртуалдуу акчага айланып коем. Менимче, Жапониянын биткоинди расмий түрдө тааныганы анын кеңири тарашына шарт түздү, - дейт социалдык тармактарда "Мисс Биткоин" атка конгон токиолук Маи Фужимото.

Айтмакчы, биткоин системасын Сатоши Накамото (Satoshi Nakamoto) деген ысым менен жүргөн, теги жапониялык экени айтылган программист 2009-жылы түзгөнү белгиленип келет. Андан бери биткоин борбордук башкаруусу жок, дүйнөгө эң кеңири тараган виртуалдуу валютага айланды.

Тек-жайы алигиче табышмак бойдон калган Накамото түзгөн системага ылайык, дүйнөдө баш-аягы 21 миллион гана биткоин болушу керек. Азыр алардын бештен бир бөлүгүнө жетпегени гана колдонулуп жатат. Ар бир биткоин жүздөгөн виртуалдуу бөлүктөргө бөлүнүп сатылат.

Маселен, сизде бир биткоин бар болсо, анын 0,00001 бөлүгүн деле Интернет аркылуу дүйнөнүн булуң-бурчуна жөнөтө аласыз. Биткоинди ар кыл өлкөдөгү шартка жараша кадимки акча сыяктуу колдонсо болот. Мисалы, кофе саткан жай биткоинди кабыл алса, сиз кофеңизди телефонуңуздагы виртуалдуу капчыкта сакталган биткоин менен сатып алсаңыз болот.

Гонконгдогу биткоин банкоматы.
Гонконгдогу биткоин банкоматы.

Виртуалдуу акчанын артыкчылыгы арбын

Башка криптовалюталарга салыштырмалуу биткоиндин бир катар артыкчылыктары бар. Эң башкысы - биткоин бир да өлкөгө таандык эмес жана "биттыйындарды" банктар сыяктуу ортомчу тараптардын жардамысыз эле бир адамдан экинчи адамга которсо болот. Андыктан трансакциялардын акысы банк же башка акча которуу кызматтары аркылуу жөнөткөнгө караганда кыйла аз. Банк эсептеринен айырмаланып, биткоин салынган электрондук капчыкты камакка алуу оңой эмес.

Криптовалюта тармагына көптөн бери көз салып келаткан кыргызстандык програмист Даниил Вартанов Бишкектеги соңку лекцияларынын биринде криптовалютанын пайдасын жалпак тил менен минтип түшүндүрдү:

Програмист Даниил Вартанов.
Програмист Даниил Вартанов.

- Мен сизге, Москвадан Алматыга акча жөнөткөнү жатам дейли. Мен Москвада туруп, сизди даректер жазылган китепчеден таап, акчаны жөнөтөм. Үч секундга жетпеген убакыт ичинде сиз Алматыда туруп, акча келатканын көрөсүз. Он мүнөттүн ичинде банкоматка барып, акчаны долларга же башка накталай акчага алмаштырып аласыз. Трансакция жасалган болот. Мен ал үчүн кайсы убакта жөнөткөнүмө жана түйүнгө канчалык күч келип турганына жараша, нөлдөн 3 сомго чейин гана акы төлөйм. Электрондук кат жөнөткөнгө эле окшош. Мисалы, электрондук катты жакын жерге же Австралияга жөнөткөндө убакыт маселесинде эч айырма жок. Биткоин да ошондой иштейт. Качан жөнөткөнүңүз маанилүү эмес. Окшош эле убакыт кетет. Которуунун акысы да өзгөрбөйт. Миллион долларды Кытайдан Бельгияга 1-январда түнкү үчтө да жөнөтсөңүз болот. Кадимки акчаны 1-январда түнкү үчтө жөнөтүүгө аракет кылып, банкка чалып көрүңүзчү. Алар эмне деп айтышаар экен?.."

Ыңгайына жараша биткоинди кадимки накталай акча менен алмашуучу жайлардан же Интернеттеги атайын компаниялардан сатып алгандар бар. Сатып алынган биткоиндер компьютердеги же чөнтөк телефондогу виртуалдуу капчыкта сакталат. Ар бир биткоин кимден кимге которулуп жатканы дүйнөдөгү компьютерлердин түйүнүндө же "блокчейнде" сакталып турат. Андыктан дүйнөлүк Интернет желеси сыяктуу эле бир компьютерди өчүрүү менен биткоинди жок кылуу мүмкүн эмес.

Биткоин түйүнүнүн коопсуздугун "майнерлер" (miner - кенчи, кен казуучу) деген атка конгон колдонуучулар камсыз кылат. "Майнерлер" биткоин алмашуулардын аныктыгын, кайсы күнү, канчада ишке ашканын ырастап турушат. Ал үчүн сыйлык катары жаңы биткоинге ээ болушат.

Программист Даниил Вартанов Аргентинада улуттук валюта песо наркын жоготуп алганда жарандар биткоинди колдонууга өткөнүн, кениялык мигранттар болсо арзан акча которуш үчүн ушул виртуалдуу акчаны колдоно башташканын айтып берди:

- Кениядан бир мисал. Алардагы абал бизге окшош. Көптөгөн кениялыктар Европада миграцияда жүрүшөт. Алар үйүнө акча жөнөтүшөт. Кенияда акча которуучу компаниялар көрсөткөн кызматы үчүн олчойгон процент алышчу. "Битпеса" компаниясы Кениянын ичинде биткоин менен иштегенге өттү. Натыйжада Европадагы үйүнө акча жөнөткөн мигранттын ата-энеси кадимкидей эле кеңсеге келип, паспортун көрсөтүп, акчаны алып кеткенге өтүшкөн. Натыйжада бул фирма мындай акча которуу үчүн комиссияны 3 пайызга чейин төмөндөткөн.

Биткоинден чочулагандар аз эмес

Бирок биткоин тууралуу пикирлер бир кылка эмес. Coindesk.com сайтынын 8-марттагы маалыматы боюнча, бир биткоин учурда 9300 доллардын тегерегинде. Былтыр 16-декабрда бир биткоин 19 миң долларга чейин көтөрүлгөн. Бул виртуалдуу валютанын курсу бирде кескин жогорулап, бирде кескин төмөндөп жатат.

Соңку айларда биткоиндин курсунун төмөндөшүнө хакердик чабуулдар, бир катар мамлекеттердин биткоинди көзөмөлдөө аракети да себеп болду.

38 жаштагы орусиялык Александр Винник "биткоин аркылуу акчанын изин жашырган" деген шек менен Грецияда кармалган. 29-сентябрь, 2017-жыл.
38 жаштагы орусиялык Александр Винник "биткоин аркылуу акчанын изин жашырган" деген шек менен Грецияда кармалган. 29-сентябрь, 2017-жыл.

Маселен, 26-январда Токиодо жайгашкан "Coincheck Inc" криптовалюта компаниясына хакердик чабуул жасалып, 530 миллион долларга тете виртуалдуу акча уурдалган. Бул окуядан кийин жапон өкмөтү виртуалдуу акчаны алмаштыруу жайларынан ички коопсуздукту камсыз кылууну, акчанын изин жашыруунун алдын алууну талап кылды. Жапониянын Финансылык кызматтар боюнча агенттиги 8-марттагы чечими менен ошондой жайлардын экөөнү жабууга буйрук берди.

7-мартта болсо АКШнын Баалуу кагаздар жана биржа боюнча комиссиясы виртуалдуу мүлктүн соодасы менен шугулданган онлайн платформаларды өкмөттүн каттоосунан милдеттүү түрдө өткөрүүнү чечти.

Февраль айынын башында Британиянын "Ллойдс" менен АКШнын "Ситигруп" сыяктуу ири банктары кардарларына биткоин баштаган криптовалюталарды насыялык карта менен сатып алууга тыюу салган. Алар криптовалюталардын курсу туруктуу болбогондуктан, аны сатып алган кардарлар банктагы карыздарын төлөй албай калат деп эсептешет.

Март айынын башында Британиянын Борбордук банкынын башчысы Марк Карни криптовалюталардын баасындагы кескин өзгөрүүлөрдү кокус жарылып кете турган шарга салыштырып, виртуалдуу акча дүйнөсүндө маселе көп экенин билдирди:

- Криптобайлык акчанын изин жашыруу, террорчулукту каржылоо, салыктан качуу, көзөмөлдөн жана эл аралык санкциялардан буйтап өтүү сыяктуу маселелерди жаратат. Менин оюмча, криптоакча азырынча финансылык туруктуулукка чоң коркунуч туудурбайт. Ал жалпы финансы системасынын аз гана бөлүгүн түзөт. Криптовалюталар эң жогорку чекке жеткен учурда деле, алардын толук глобалдык рыноктогу орду дүйнөлүк ички дүң жыйымдын бир пайызына жеткен жок. Криптовалютанын анонимдүүлүгүн, натыйжасыздыгын жана аны колдонуунун негизги себептеринин бири - тыюу салынган иш-аракеттерди калкалоо экенин эске алганда, азыр расмий өкүлдөр туура эле тынчсызданып жатышат.

Ошентип виртуалдуу акчанын кеңири жайылышы дүйнө өлкөлөрүн ар кандай мыйзамдык чара көрүүгө аргасыз кылды. Жыл башында Египеттен өзгөчө бир билдирүү болду. Бул өлкөнүн муфтияты виртуалдуу валюта кылмыштуу аракеттерде колдонулушу мүмкүн экенин кабарлап, исламда криптовалютага тыюу салынганын эскертти.

Минсктеги криптоконференция. 28-февраль, 2018-жыл.
Минсктеги криптоконференция. 28-февраль, 2018-жыл.

Ошол эле учурда биткоин сыяктуу криптовалюталарга шарт түзгөн өлкөлөр да жок эмес. Алсак, мурдагы советтик өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп Беларус виртуалдуу акча менен финансы операцияларын жүргүзүүнү мыйзамдаштырды. Президент Александр Лукашенко тиешелүү декретке 22-декабда кол коюп, бул чечимин чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу максаты менен түшүндүргөн. Ал криптовалюталардын мыйзамдаштырылышы Беларусту Интернеттеги трансакциялардын чордонуна айлантат деп ишенерин айткан. Лукашенконун декретине ылайык, виртуалдуу валюта аркылуу ишке ашкан соода-сатык операцияларынан беларус бийлиги 2023-жылдын 1-январына чейин салык албайт.

Кыргызстанда абал кандай?

Программист Даниил Вартанов Кыргызстанда криптовалюталарды көбүнесе "айтишниктер" сыяктуу чет өлкө менен иштешкендер колдонорун айтат. Ал өлкөдө биткоинден киреше тапкандар саналуу экенин, себеби Кыргызстанда кардарлардын кызыгуусун пайда кыла тургандай инфраструктура жоктугун белгилейт.

2014-жылдын ортосунда Кыргызстанда алгачкы биткоин банкоматы ачылган. Бул окуядан көп өтпөй Кыргызстандын Улуттук банкы элди виртуалдык акчаны колдонуудан оолак болууга чакырып, аларды төлөм бирдиги катары колдонуу өлкөнүн мыйзамын бузуу болуп эсептелээрин эскерткен.

Банктын өкүлдөрү электрондук акчага эч кандай кепилдик жоктугун, аны Интернет аркылуу жоготуп алуу коркунучу көп экенин белгилешкен.

2015-жылы «Кыргызстандагы электрондук акча жөнүндө» жобо кабыл алган. Программист Вартанов азыр өлкөдөгү криптовалюта тармагы дал ошол жобо менен тескелип жатканын айтты:

- Бир кездерде бул жобо "Вебмани" "Яндекс-деньги", "Элсом" сыяктуу кызматтарды тескеш үчүн кабыл алынган. Ал жободо "электрондук акча" деген түшүнүк абдан кеңири жазылгандыктан, ага криптовалюталар да кирип калган. Анын жыйынтыгында ал жерде "эмитент же баалуу кагаздарды чыгарган тарап Улуттук банкта катталышы керек" деген тартип бар. Бул талапты биткоин үчүн колдонуу мүмкүн эмес. Биткоиндин эмитенти жок, болушу да мүмкүн эмес. Андыктан азыр биткоин сатып алуунун расмий жолу - бул Казакстанга баруу. Ал жерде кадимкидей биткоин банкоматтары, биткоинди алмашуучу жайлар жана биржалар иштейт. Бизде азырынча расмий эмес, колдон колго берилип жатат дегендей.

Бишкектеги алгачкы биткоин банкоматы, 2014-жыл.
Бишкектеги алгачкы биткоин банкоматы, 2014-жыл.

Быйыл жыл башында Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун Кыргызстанда криптовалютанын өнүгүшүнө тоскоолдук болбой турганын, бирок анын тобокелдиктери бар экенин айтканын жергиликтүү басылмалар кабарлашкан эле. Андан көп өтпөй, 2-февралда кыргыз өкмөт башчысы Сапар Исаков Алматыдагы "Глобализация доорундагы санариптик күн тартип" аттуу конференцияда Кыргызстандын бийлиги криптовалютаны мамлекеттик сатып алууда колдонууну пландап жатканын билдирген:

- Азыр криптовалюта жөнүндө кеп кылып жатышат. Биз криптовалюта системасын биздин мамлекеттик сатып алууда колдонсокпу деп жатабыз. Учурда кызматташтарыбыз менен иштеп жатабыз. Жакшы ыкма деп ойлойм. Себеби өтө деле кооптуу жагдай жок. Бирок мамлекеттик сатып алууда криптовалюта колдонулса, бул коррупциянын деңгээлин төмөндөтөт.

Ошентип, дүйнөдө виртуалдуу акчаны жактагандар келечекте криптовалюталар жөнөкөй товар сатып алуудан тартып ири акча которууга чейинки иш-аракеттерди толугу менен өзгөртөт деп эсептешет. Алар накталай акчанын изин жашырып кетүү оңой болорун, виртуалдуу акча болсо ачык-айкындуулукту камсыз кылаарын айтышат.

Ошол эле учурда адатта салык алынбаган санариптик акчаны кылмышкерлер, террорчулар колдонбойбу деген кабатырлык дагы эле бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG