Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

136 МВт электр энергиясын пайдаланган 45 майнинг компания жабылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда136 МВт көлөмүндөгү (1 млн кВт) электр энергияны пайдаланган 45 майнинг компания жабылды. Бул тууралуу парламентте, КСДП фракциясынын жыйынында Улуттук энергохолдинг компаниясынын башчысы Айтмамат Назаров билдирди. Депутат Төрөбай Зулпукаров өлкөдө майнинг компаниялар менен биткоинге уруксат берилген-берилбегенине кызыкты. Ал “Мындай компаниялар өтө көп экен, тийиштүү чара көрбөйсүӊөрбү”, - деп суроо салды.

Назаров мыйзамда “майнинг” деген түшүнүктүн жок экенин билдирди.

“Биз электр энергиясын атайын майнинг компаниялары үчүн бербейбиз. Кыргызстанда электр энергиясы арзан, ошондон улам майнинг компаниялары келип жатат. Жакында 136 МВт электр энергиясын пайдаланган ушундай 45 компания жабылды. Алар үч облустун керектөөсүнөн ашык энергия коротот экен”.

Быйыл жайында бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталган. Финполиция бул компаниянын электр энергиясын пайдалануусу нормадан ашканын, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгилеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG