Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:36

Мамлекет криптовалютадан чочулап турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Каржы полициясы Бишкекте криптовалюта, тактап айтканда биткоин өндүргөн майнинг-ферма табылганы тууралуу маалымат таратты.

Маалыматка караганда жабдыктардын наркы 1,5 миллиард доллар туруп, ферма айына 6-7 мегаватт электр энергиясын коротот. Анын акчалай чыгымы 13-14 миллион сомго чыгат. Мынчалык электр энергия 700 орточо турак үйдүн керектөөсүнө жетет.

Компания өзү ондогон миллион сом каражат жүгүртөт. Бир караганга ийгиликтүү бизнес сыяктанып көрүнгөнү менен, ишкердиктин бул түрү канчалык легалдуу экенин мамлекет өзү аныктай албай турат.

Анткени, Кыргызстанда энергияны көп талап кылган майнинг-компаниялардын ишмердигин жана криптовалютанын жүгүртүүсүн мыйзам көзөмөлдөй албайт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) майнинг-ферманын ээсине салыкты, бажы төлөмдөрүн жашыруу, кылмыштуу кирешелери адалдоо деген үч айып коюп жатат.

Тергөөнүн маалыматына караганда ферма IT-компания катары иштеп келаткан, жабдыктарды алып келүүдө бажыны кыйгап өткөн жана кирешеден түшкөн салыктарды төлөгөн эмес.

Бишкектен табылган майнинг-ферма.
Бишкектен табылган майнинг-ферма.

​Финполиция ферманы IT-компания катары “санариптик акча жасоо менен алектенген кылмыштуу топ” иштетип келаткан деп эсептейт. Ээлери кимдер экендиги тууралуу азырынча ачык маалымат жок. Бирок, ачык маалыматтарда кытайлык жана кыргызстандык ишкерлер иштеткени айтылат.

Тыюу салбай коюу – уруксат берүү эмес

​Кыргызстанда криптовалютаны чыгарууга чектөө жана жаза жок деп эсептеген IT-коомчулук бул окуяны түшүнбөй турат. Тармактын адистеринин баамында тыюу салынбаган ишкердик кылмыш болуп эсептелбейт. Мындай пикири менен Кыргызстанда былтыр биринчи жолу дата-борбор түзгөн NSP компаниясынын башкы директорунун орун басары Эрмек Ниязов бөлүштү:

Эрмек Ниязов.
Эрмек Ниязов.

"Бул - ишкердиктин картөшкө өстүргөндөй эле түрү. Майнерлер болгону криптовалюта өндүрүү үчүн компьютердин мүмкүнчүлүгүн пайдаланат. Алар аппараттарын иштетип коюп отура беришет. Эгер алар IT-компания катары катталса, анда ал бизде майнинг сектордун жоктугун гана билдирет. Бирок бул дагы кылмыш эмес. Картөшкө өстүрүп атып, жанына помидор отургузуп койгонуңуз үчүн сизди күнөөлөгөнгө болбойт. Бул ар түрдүү өсүмдүктөр, бирок, чарбак бирөө эле да!".

Майнинг-ферманын ишине байланыштуу тергөөнү тынчсыздандырган дагы эки маселе бар. Бири - криптовалютанын жасалышы, экинчиси – электр энергиянын эбегейсиз көп короп жатышы.

“Криптовалюталар мамлекеттүүлүккө доо кетириши мүмкүн”

Дүйнө жүзүндө криптовалютага мамиле бир кылка эмес. Батыш өлкөлөрүндө ага виртуалдык валюта, чет өлкөлүк валюта, товар, кызмат көрсөтүү, каржылык актив катары да мамиле жасагандар бар. Ал эми Жапонияда биткоин расмий төлөм каражаты катары таанылган.

Кытай майнингдин көлөмү боюнча кынтыксыз лидер. Технологиялык компаниялар жеке криптовалюта түзүүгө кызыкдар. Алардын эң алдына жакынкы жылдары "Фейсбуктун" Libra продуктусу чыгышы мүмкүн. Долбоорго Visa, Mastercard, PayPal, Uber Technologies өңдүү компаниялар кошулганы кабарланууда.

Кыргызстандын бийликтери электрондук акчанын жаңы түрүнө мамилесин биринчи жолу билдирип жатат.

Каржы полициясы криптовалюталар “мамлекеттин ички валюта-каржылык башкаруусуна, бюджетти көзөмөлдөшүнө, коомдук тартипти жана мамлекеттик коопсуздукту камсыздоосуна терс таасир этет” деп эсептейт.

Опурталдуу жагы катары Финполиция төмөнкүлөрдү белгилеген: акча чыгаруу чачыранды болуп, “акча каражаттарынын топтоочу, жүгүртүүчү милдеттери үзгүлтүккө учурап, транзакциялар көзөмөлдөнбөй, улуттук валюта алсырайт, электр энергиясынын кошумча наркы жок, кайтарымсыз пайдалануу көбөйөт, ошондой эле ыктымал социалдык жарылуу коркунучу пайда болот, мамлекеттин ички жана тышкы функциялары алсызданат”.

Өлкөнүн каржысын көзөмөлдөөчү орган – Улуттук банк да криптовалютаны колдонуунун тобокелдиги жогору деп эсептейт. Улуттук банк криптовалютаны колдонбоону, аларды сатуу же сатып алуу, башка валюталарга жана активдерге алмаштыруу операцияларына катышпоону мурда эле сунуш кылган. Улуттук валюта “Азаттыкка” төмөнкүдөй жооп берди:

“Криптовалюталар кандайдыр бир жеке же каржылык активдер менен жабдылган эмес. Алардын сатып алуу жөндөмү суроо-талаптын жана сунуштардын негизинде гана түзүлөт. Мындай жагдай криптовалютаны олку-солкулукка, туруксуздукка ыктатып, ликвиддүү жана ишенимдүү актив катары аныктай албайт”.

Биткоин алуучу жабдык.
Биткоин алуучу жабдык.

​Ишкерлер расмий органдын аргументтерине макул эмес. Криптовалюталар мамлекеттүүлүк үчүн тобокелдик жаратпайт, анткени, Кыргызстанда аларга бир нерсе сатып алуу же сатуу мүмкүн эмес.

"Криптовалюталарды кыргыз сому менен чогуу алып жүрүү же аралаштыруу да мүмкүн эмес. Криптовалюталар товар катары жасалат жана биржаларда сатылат. Американын, Европанын, Орусиянын биржаларында рубль, доллар, евро сыяктуу валюталарга сатышат, сатып алышат. Башкача айтканда, Кыргызстанда криптовалюта жүгүртүлбөйт", - дейт ишкер Эрмек Ниязов.

Электр энергиясын бүтүндөй кичирайондордой колдонуу кылмышпы?

Криптовалюта өндүрүү кымбат баалуу жабдыктарды жана ири өлчөмдөгү электр энергиясын талап кылат. Финполдун баамында майнинг-фермалар киреше алып келбейт, ошол эле учурда экономиканын реалдуу секторун зарыл электр энергиядан куржалак калтырып жатат.

Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айтмамат Назаров көйгөйдү чечүүнүн жолун майнинг компанияларды көмүскөдөн ачыкка чыгаруудан көрөт.

Энергохолдинг ири подстанциялардын же гидроэлектрстанциялардын жанына өзүнчө майнинг-аймактарды түзүүнү сунуш кылып жатат. Бул тууралуу жетекчи Энергокомпаниялардын жетекчилери менен 3-июлда өткөн жолугушууда билдирген:

Айтмамат Назаров.
Айтмамат Назаров.

"Майнинг компаниялар Улуттук энергохолдинг менен түз иштешүүгө укук ала алат. Биз бул максатта 100-200 МВт электр энергиясын карап көрүүгө даярбыз. Буга байланыштуу аларга энергосектордун мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен реалдуу тариф сунушталмак".

Энергохолдингдин жетекчиси ошол эле учурда көмүскөдө ишин уланткан майнинг-компаниялар жабыларын эскертти.

Кыргызстанда өнөр жай ишканалары үчүн электр энергиясына тарифтин киловатт-саатынын баасы - 2 сом, 24 тыйын. Улуттук энергохолдинг майнинг-компаниялар үчүн бааны кошуна өлкөлөргө импорттолгон электр энергиянын баасына чейин көтөрсө болот деп эсептейт. Ишкерлер болсо майнерлер кайра көмүскө ишке өтүп кетпеши үчүн баа объективдүү болушу керек деген пикирде.

Электр энергияга баа тарифин Отун-энергетика комплексин көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттик аныктайт. Агенттиктин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, майнинг-фермалар үчүн атайын тариф иштелип чыга элек.

Мамлекеттин жаңы бизнеске мамилеси

Экономика министри Санжар Мукамбетов Кыргызстандагы бизнес-климатты жакшыртуу жаатында өкмөттүн жетишкендиктери тууралуу 17-июлда Бишкекте өткөн кыргыз-корей бизнес форумунда баяндама жасады.

Министрдин айтымында Кыргызстанда “бизнес туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүп жатат, ишкерлер административдик басымдан корголгон, бийлик менен бизнес-ассоциациялардын өнөктөштүк карым-катышы калыптанган.”

Бирок иш жүзүндө мамлекет өтө жаман өнөктөш дейт ишкер Тилек Токтогазиев. Анын айтымында Кыргызстандагы кырдаалды байкап көргөн инвесторлор өз каражатын салууга батына алышпайт:

Тилек Токтогазиев.
Тилек Токтогазиев.

"Тыюу салынбаганы - уруксат берилгени. Финпол кырдаалды териштирүүгө аракет кылбай эле киши болсо болду, берене табылат деген принцип менен аракеттенүүдө. Адамдар миллиондогон долларларды салып, электр энергиясын убагында төлөп турган. Бирок, аларды кылмыштуу топ деп аташты. Бул жаңылыкты чет өлкөдө окугандар бул тармакка каражат салгылары келбей калат. Башка өлкөлөрдө болсо инвесторлор үчүн күрөшүп атышат".

Тилек Токтогазиев азыр азык-түлүк өндүрүүчү дүйнөдөгү ири компаниялардын бири Nestle компаниясын Кыргызстанга тартуу аракетинде.

Президент Сооронбай Жээнбеков дайыма чет элдик инвесторлорду Кыргызстандын экономикасына каражат салууга чакырып, мамлекеттик органдардын жакшы мамилесин, либералдуу мыйзамдарды аргумент катары белгилеп келет. Бирок, Doing Business-2019 рейтинги боюнча Кыргызстан 190 өлкөнүн ичинен 70-орунду ээлеп турат.

(BUS)

Макаланын орусчасын бул жерден окуңуз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG