Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-сентябрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 19:43

Майнинг-фермалар кайрадан чабуулга кабылды


Криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма. Иллюстрациялык сүрөт.

Финансы полициясы соңку он күн ичинде Бишкекте мыйзамсыз иштеген эки майнинг-ферманы аныктады.

Укук коргоо органы компаниялар мыйзамсыз криптовалюта өндүргөн деп шек санап жатат. Ишканалардын бири муну төгүнгө чыгарууда. Санариптик акча чыгарууга өлкөдө расмий уруксат берилген эмес, бирок тыюу да жок. Ошол себептүү өндүрүшчүлөр арасат абалда турат.

Жаңы фактылардын дайыны

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде мыйзамсыз иштеген майнинг-ферма табылганын 11-августта билдирди.

Маалыматка караганда, «Түндүк электр» ишканасы Баялинов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинин ишин текшерүүнү өтүнүп кайрылган. Текшерүү учурунда имараттан 187 майнинг-система (криптовалюта жана биткоин чыгарган компьютердик жабдуулар) табылган.

Финансы полициясынын басма сөз катчысы Анастасия Пискур факт боюнча иш ачылганын «Азаттыкка» кабарлады.

Анастасия Пискур.
Анастасия Пискур.

«Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 211-беренеси («Мыйзамсыз ишкердик жана банк ишмердүүлүгү») менен сотко чейинки териштирүү иштери башталды», - деди Пискур.

Мунун алдында, тагыраагы 6-августта да Финансы полициясы «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын ичинде мыйзамсыз майнинг-ферма аныкталганын кабарлаган. Мекеме мында да санариптик акча өндүрүлгөн деп шек санап жатат.

«Жазык кодексинин 233-беренесиндеги («Коммерциялык же башка уюмдар ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «Бишкек» эркин экономикалык аймактын кайтарууга алынган короосунда санариптик акча өндүрүүчү «майнинг-ферма» менен жабдылган, тагыраагы криптовалюта (биткоин) чыгарууга ылайыкташтырылган ангар аныкталды. Тергөө сотунун токтомунун негизинде ал ангарга санкцияланган тинтүү жүргүзүлгөн учурда электр системасына жана Интернетке туташтырылып, иштеп жаткан майнинг-системалар табылды», - деди Финансы полициясынын өкүлү Анастасия Пискур.

Укук коргоо органы фактыларга тиешелүү болушу мүмкүн болгон аткаминерлерди жана майнинг-фермаларды көмүскө колдоого алып келген мамлекеттик органдардын жооптуу кызматкерлерди тактоо иштери жүрүп жатканын билдирди. Ошондой эле санариптик акча өндүрүүгө ылайыкталган жабдуулар кандай жол менен ташылып келгени да иликтенүүдө.

Бирок бул «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы чарбалардын ассоциациясы билдирүү таратып, Финансы полициясы шек санап жаткан «Блокчейн технологиялары» компаниясынын жабдуулары мыйзамдуу алынып келгенин маалымдады. Бирикме аталган фирма бардык мамлекеттик органдардан каттоодон өтүп, мыйзамдуу иш алып барганын, керек болсо электр энергиясын пайдалануу боюнча да келишими бар экенин кабарлады.

Мунун артынан эле «Түндүк электр» ишканасы да маалымат таратып, аталган фирма алар менен атайын келишим түзбөгөнүн билдирди.

Бул арада «Блокчейн технологиялары» компаниясынын негиздөөчүсү, чет элдик инвестор Леви Жеки Кыргызстандын расмий органдарына, массалык маалымдоо каражаттарына, анын ичинде «Азаттыкка» да кат менен кайрылды. Ал Бишкектеги ишканасы санариптик акча өндүрбөй турганын, бирок ушул тармактагы чет элдик фирмаларды тейлей турганын билдирди.

Чек аралар жабыктыгынан келе албай жатканын айткан инвестор менен Израил республикасына чалып, байланыштык.

"Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы Леви Джекинин фирмасы.
"Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы Леви Джекинин фирмасы.

«Финансы полициясы мага телефон чалып, текшерип көрөлү дешкенде, мен фирмамды көрүп чыгууга ыктыярдуу түрдө уруксат бергем. Мен толугу менен мыйзамды сактаган киши катары иш кылдым жана тергөөгө каршылык көрсөткөн жокмун. Бирок алар көрүп чыгып эле, мени кылмышкерге чыгарып салышты. Менин репутацияма шек келтиришти. Биз криптовалюта өндүрбөйбүз, биз жөн гана серверлерин сактагысы келген, ошол эле кезде майнинг менен алектенген чет элдик фирмаларды гана тейлейбиз. Биз аларга техникалык тейлөө көрсөтөбүз, гиперкоргоо жасайбыз. Бул боюнча жабдууларыбызды мыйзам түрүндө алып киргенбиз, бажыдан өткөн, атайын кызмат, байланыш комитеттери текшерген, баары так. Биз өзүбүз майнинг менен алектенбейбиз», - деди «Блокчейн технологиялары» компаниясынын ээси Леви Жеки.

Арасат абалда калган индустрия

​Криптовалюта – 2009-жылы криптографиялык коргонуу усулдарына негизделип пайда болгон санарип акча. Башкача айтканда бул виртуалдык жүгүртүүдөгү акча бирдиги. Анын популярдуусу – биткойн. 1 биткойндун баасы 11-августка карата дүйнөлүк биржаларда 11 500 доллардын тегерегинде же 900 миң сомдун тегерегинде бааланып турду.

Электрондук валюта өндүргөн компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык тапшырмаларды чечүү аркылуу жаңы криптовалюта өндүрөт. Бул үчүн алар электр энергиясын өтө көп колдонот жана токту суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз алып турушу керек.

Кыргызстанда майнинг-фермалар кайсы жылдан тарта иштеп баштаганы так эмес. Айрым компаниялар 2014-жылы ачылганы айтылат. Мамлекеттик органдар алгач алардын иштешине маани бербей келсе, кийин алар электр энергиясын өтө көп колдоно баштаганы кабарлангандан кийин күрөш башталган.

Маселен, былтыр эле Финансы полициясы бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталганын кабарлаган. Финполиция бул компаниянын электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканын, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгилеген.

Кийин, Улуттук энергохолдинг компаниясы 45 даана майнинг компания 136 – 138 мВт көлөмүндөгү (1 млн. кВт) электр энергияны пайдаланып жатканын кабарлап, алар менен келишимди үзгөн. Натыйжада компаниялар дээрлик жабылып калган.

Мекеме мыйзамда «майнинг» деген түшүнүк жок экенин билдирип, ошол себептүү алар менен иштеше албай турган болгон. Мамлекеттик компанияга байланышканыбызда, алардын позициясы дагы деле ошол боюнча экенин билдиришти.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын жетекчиси Айтмамат Назаров былтыркы басма сөз жыйынында буларды билдирген.

Айтмамат Назаров.
Айтмамат Назаров.

«Жаңы керектөөчүлөр деп коебуз. Бул жанагы криптовалюта, майнинг чыгарган компаниялар, алардын ишмердүүлүгү бизде Кыргызстанда мыйзам чегинде жөнгө салынган эмес, криптовалюта боюнча өндүрүү аны жүргүртүү боюнча эч кандай мыйзамдар жок. Ошол үчүн биз аларга чектөө киргиздик. 138 мВт өлчөмүндө электр энергиясын колдонуу менен криптовалюта чыгарып жатышкан. Учурда 45 компаниянын электр жарыгы өчүрүлдү. Алардын бир айлык керектөөсү 138 мВтты эсептесеңер бир айда 100 млн. кВт саат колдонот. Бул деген сөз биздин бир облустун электр энергиясы деп айтсак жарашат. Биз аларга мыйзам тарабынан ошону колдонуу тартиби аныкталганга чейин, аларга электр энергия берүүнү токтоттук. Бул биринчиден ошол мыйзамга байланыштуу болду, экинчиден электр энергиясын үнөмдөө үчүн максатта ушундай ишке бардык», - деген ал.

Деген менен саясий чөйрөдө майнинг-компаниялардын иштешине уруксат берүү боюнча талкуулар уланып келет. Ал тургай өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик, майнинг фермаларга тарифти кымбаттатуу менен электр энергиясын сатууну сунуштаган.

Ага ылайык, 27-мартта өкмөт токтом кабыл алган. 18-июнда болсо бул боюнча Салык кодексине кирген өзгөртүүлөрдү Жогорку Кеңеш үч окууда кабыл алган.

Мыйзамга ылайык, санариптик акча өндүрүүчү компаниялар электр энергиясынын кВт-саатын 2 сом 90 тыйындан алышы керек эле. Мындай караганда ушунун өзү криптовалюта чыгарууга уруксат берет. Бирок ага карабай майнинг компаниялардын иштешине уруксат берилбей келет.

Бишкекте жайгашкан Блокчейн жана санариптик индустриясынын Борбор Азиялык ассоциациясынын президенти Тариел Искаков буларга токтолду.

Биткойн алуучу жабдык.
Биткойн алуучу жабдык.

«Криптовалюта өндүрүү жөнүндө өз алдынча мыйзам иштеп чыгуу керек болчу. Анан калган иштер, талаптар ошондо келтирилиш керек эле. Бирок бир жарым жылдан бери эч кандай жылыш болбоду. Бийликтеги адамдар муну түшүнбөй койду. Компьютердин ичиндеги эсептөө, шифрование болгону үчүн, биздин чоңдор шпиондук бирдемеби же финансылык адалдоо системасы болуп калабы деп эле туруп алышты. Биз Улуттук банкка, Экономика министрлигине, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке, Финансы полициясына, Салык кызматына, кыскасы тиешелүү органдарга канча жолу бардык. Түшүндүрмө, кеңеш бердик, сурандык. Чоң саясий идея жок болсо, эч ким түшүнгүсү да келбейт экен, жоопкерчиликтен качышат экен. Тилекке каршы биздин өлкөдө келечекке умтулган экономикалык саясат жок экен».

Санариптик акча өндүрүү маселеси Кыргызстанда арасат абалда калгандыктан ондогон майнинг-фермалары өлкөдөн чыгып кеткени кабарланды. Айрымдары жогоруда айтылгандай, көмүскө иш алып барууга өткөн.

Бишкектеги биткойн автоматы. Архивдик сүрөт.
Бишкектеги биткойн автоматы. Архивдик сүрөт.

«Булар “Токтогул суу сактагычында суу аз болуп, электр энергиясы элге жетпей калганы үчүн майнинг компанияларга электр бере албайбыз” деген жүйө коюп жатышат. Бирок анализ кылсаңар, СССР учурунда Кыргызстандын аймагында эмне деген гана заводдор болгон. Алар кандай гана чоң кубаттуулуктагы электр энергиясын пайдаланчу. Ошонун баары жетчү да. Криптовалюта өндүргөн компаниялар өтө көп электр колдонушат, бирок биздеги өндүрүлгөн ток аларга толук жетет. Дефицит пайда болбойт. Биз ал тургай электр энергиясы өзүбүздөн ашып сыртка да экспорттоп атпайбызбы. Болбосо майнинг компаниялар электр энергиясы үчүн алдын ала, өтө көп акча төлөп турчу. Салыктарды көп төлөчү. Жумуш орундары камсыз болмок. Дүйнөдө көп өлкөлөр мындай инвесторлорду өзүнө тарта албай жатат. Казакстанда, Өзбекстанда бул тармак жолго коюлду. Беларуста майнинг фермалар өнүгүп, ал тургай криптовалюта биржасы да ачылды. Бизде, Кыргызстанда гидроэнергетикалык потенциал чоң болгону үчүн көп инвесторлор келген. Миллиондогон доллар инвестицияларды салышты, бажыга, салыкка канча төлөм беришти. Бирок же ары же бери болбогондуктан кайра кетип калышты», - деди Блокчейн жана санариптик индустриясынын Борбор Азиялык ассоциациясынын президенти Тариел Искаков.

Интернеттеги ачык маалыматтарга ылайык, майнинг өндүрүүдө Кытай мамлекети лидер болуп саналат жана биткойн чыгаруунун 70% ушул өлкөгө туура келет. Суук климаты жана арзан электр энергиясы менен Исландияди ири майнинг фермалары иш алып барат. Грузия жана Орусияда да биткойн өндүрүүчү чоң компаниялар жайгашкан.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (6)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG