Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:56

Притчин: Бишкек-Душанбе сүйлөшүүсү көпкө созулушу мүмкүн


Орусия Илимдер академиясынын кызматкери, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Станислав Притчин.
Орусия Илимдер академиясынын кызматкери, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Станислав Притчин.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелери качан жана кандай чечилиши мүмкүн? Ушул жана башка суроолорго Орусия Илимдер академиясынын кызматкери, Борбор Азия өлкөлөрү боюнча эксперт Станислав Притчин жооп берди.

"Азаттык": - Кыргызстандын жаңы бийлиги коңшулар менен чек ара маселелерин чечүү иштерин тездетерин жарыялап, Өзбекстан менен бул жаатта протоколго кол коюлганын жарыялады. Эми Тажикстан менен чек араны тактоодо дал ушундай алга жылуу болушу мүмкүнбү?

Станислав Притчин: - Кыргызстан-Өзбекстан сүйлөшүүсүн алганда чек ара маселелерин чечүүнүн негизги демилгечиси Ташкент болгон. 2016-жылы бийлик башына президент Шавкат Мирзиёевдин келиши менен чек аралар боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыштар болгонун байкап келебиз. Бул көп жылдан бери уланып келаткан иштин жыйынтыгы десек болот.

Буга чейин вице-премьер-министрлердин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп келген. Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара көйгөйү дагы курчурак. Анткени бул жерде анклавдар маселеси бар. Аны чечүү оңой эмес.

Адатта дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн деңгээлинде сунуштар айтылып, даярдалып, анан кандайдыр бир мунаса табылгандан кийин гана коомго ачык айтылат. Расмий Бишкектин бул жолу сүйлөшүүлөрдүн алгачкы стадиясында эле сунуштарын ачык айтып жибергени жараянды туңгуюкка кептеши ыктымал. Алгач коңшу мамлекет менен сүйлөшүп, кандайдыр бир пикирге келип, андан кийин гана жыйынтыктарды жарыялоо зарыл. Ошондуктан мен жакын арада Кыргызстан-Тажикстан сүйлөшүүсү оң чечилерине скептикалык көз караштамын. Анткени бул абдан кылдат суроо жана ал конструктивдүү сүйлөшүүлөрдү талап кылат.

"Азаттык": - УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Ворух анклавы үчүн Кыргызстандын жетекчилиги Тажикстанга Баткен облусунун башка тилкесинен 12 миң гектар жерге алмашуу сунуштаганын айткан болчу. Азырынча Душанбе бул сунушка жооп бере элек. Көп өтпөй тажик президенти Эмомали Рахмондун Ворухка барары жарыяланды. Сүйлөшүүлөрдө кандай жылыштар болушу мүмкүн?

Станислав Притчин: - Президенттин алмаштырууга сунушталган анклавга барышы Тажикстан бул маселе боюнча сүйлөшүүлөргө даяр эместигин көрсөтөт. Өзбекстан менен аймактарды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүргөнү менен ал жакта анклавдар жөнүндө сөз болгон эмес да. Анклавдарды алганда кырдаал татаалыраак. Бул жөн гана жер эмес, бул ошол жакта жашаган адамдар, алардын мекени тууралуу сөз болуп жатат.

"Азаттык": - Буга чейин айрым эксперттер кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүүлөрдөгү илгерилөөнү үчүнчү тараптын ортомчулугу жок эле чечилгенин абдан жакшы көрүнүш катары баалашты. Ал эми айрым тажикстандык саясат таануучулар кыргыз тарап чек ара маселесинде Орусия менен кеңешип иш алып барып жатат деген пикирлерин айтышууда. Тажик эксперттеринин пикири тууралуу оюңуз кандай?

Станислав Притчин: - Фергана өрөөнү менен мурдагы Советтер Союзунун аймагындагы чек ара маселелерин чечүү тарыхына көз чаптырып көрсөк, Москва эч качан тиги же бул мамлекетти колдогон эмес. Каспий деңизинин айланасындагы прецендентти карап көрсөк деле 2018-жылы кабыл алынган концепциясында чек аралардын делимитациясы тууралуу суроолор эки же үч тараптуу деңгээлде чечилиши керек экени жазылган. Мен бул жерде Орусиянын колдоосу тууралуу такыр үн катпайт элем. Эгер медиатор болсо бир жөн, бирок медиатор болууга же сүйлөшүүлөргө ортомчу болууга эки тараптан тең эч кандай чакырык болгон жок. Эки мамлекет кандай жол менен бир келишимге келерин өздөрү түшүнүшү керек.

"Азаттык": - Чек аралаш аймактарда жашаган элдин баш оорусуна айланган Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы бул маселелерди чечүүгө дагы канча убакыт керек? Кандай болгондо коңшу эки өлкө бул маселеде мунаса таба алат?

Станислав Притчин: - Тилекке каршы, дагы көпкө созулушу мүмкүн. Анткени Советтер Союзу маалында Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек ара маселеси эч кандай мааниге ээ эмес болчу, анткени бул бир чоң өлкөнүн бир гана бөлүгү эле. Азыр эми бул маселе абдан курч жана Советтер Союзунун маалында район башчыларынын деңгээлинде чечилчү маселелер азыр мамлекет башчыларынын деңгээлине жетти.

Тажикстан Евразия Экономикалык Биримдигине кошулган шартта бул маселенин кайсы бир бөлүгү чечилиши мүмкүн. Анткени бажы маселелери жеңилдеши ыктымал. Ошол эле маалда суу менен камсыздоо, жайыттарды колдонуу суроолорун чечүү зарыл. Бул маселелерди качандыр бир кезде чечилер деп таштап койбош керек.

"Азаттык": - Рахмат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымга созулат. Анын 519 чакырымы такталган. Калган бөлүгү шарттуу чек ара сызыгы боюнча турат.

XS
SM
MD
LG