Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:04

Аркабаев: Бекеттер ачылып, элге жакшы болду


Номанжан Аркабаев.
Номанжан Аркабаев.

1-апрелде кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" өткөрмө бекеттери ачылды. Бекеттердин ачылышы эки өлкөнүн жарандарынын эркин карым-катыш, эркин кирип-чыгуусуна өбөлгө боло алабы? Бул суроолор менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Номанжан Аркабаевди кепке тарттык.

"Азаттык": 1-апрелде кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" бекеттери ачылып, Өзбекстан менен Кыргызстандагы анклавы Сохту байланыштырып турган жол менен каттам ишке кирди. Бул эки мамлекет үчүн чоң кадам болуп жаткан жаңылыкты сиз кандай кабыл алдыңыз?

Аркабаев: Мен үчүн да чоң жаңылык болуп жатат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сохтуктар менен баткендиктерди жакшы ыңгайы менен куттуктайм. Бул ыңгай биздин кыргызстандыктарга гана эмес, өзбекстандыктарга да карым-катышка абдан жакшы шарт түзүп отурат. Себеби, соңку 15 жылдай убакыттын ичинде Риштан менен Сохтун байланышы үзүлүп, сохтуктар Өзбекстанга Кыргызстандын Айдаркен, Кадамжай, Пүлгөн аймактары аркылуу беш эсе айлампага түшүп, убараланып каттап келген болсо, кыргызстандыктар деле ошондой эле көйгөйдү баштан кечирип келди. Ошондуктан, биз президентибиз Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевге да ыраазычылык билдирип коюшубуз керек.
Бул жолдун ачылышы - эки элдин убактысын, каражатын гана үнөмдөбөстөн, өз ара достук, ынтымак, боордоштук карым-катышын бекемдөөгө да чоң салым кошот. Бул албетте, өзгөчө кубантат.


"Азаттык": Бул саамалыктын келечеги кандай болот? Мурун баткендиктер Өзбекстан аркылуу Ошко, Жалал-Абадга, Бишкекке, Казакстанга чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон учурдагыдай, ээн-эркин карым-катыш, ээн-эркин кирип-чыгуу жанданышы мүмкүнбү?

Аркабаев: Мен буга ишенем. Бирок бул аздыр-көптүр убакытты талап кылат. Сиз айткандай, Баткен облусунда жашаган туугандар Бишкекке баруу үчүн эле Ноокат, Ош, Өзгөн, Жалал-Абад шаарларын айланып, ашыкча беш-алты саат коротушчу. Эми келечекте Риштандан кирген жердештерибиз Өзбекстан аркылуу тээ Шамалды-Сайдан барып чыгып кетсе, жолду жана убакытты эки-үч эсе үнөмдөп, бул жагы Бишкек, ал жагы Чымкент аркылуу Казакстанга чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Мен кыргыз-өзбек алакаларынын келечеги абдан жакшы, кең болот деген ишеничтемин.


"Азаттык": Нооманжан мырза, кыргыз-өзбек алакасынын түбөлүгүнө ишенесизби?

Аркабаев: Чек ара аймагында туулуп-өскөн жаран катары бүгүнкү алаканы, эки тараптуу жылуу мамиленин негизинде ишке ашып жаткан жаңылыктарды чоң позитив деп эсептейм. Себеби, эл кыйналды. Бирок эки элдин, эки президенттин өз ара түшүнүүсү - алакалардын түбөлүгү түз болорун көрсөтүп турат. Мен жеке инсан катары да буга абдан кубанып турам.

"Азаттык": Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара сызыгы толук такталып бүткөнү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бирок учурда бул маалыматты да чочулоо менен кабыл алып жаткандар бар. Мындай күмөн саноолор өзгөчө суу сактагычтардын айланасында болуп жаткансыйт?


Аркабаев: Мындай күмөн саноолор биз тарапта эле эмес, Өзбекстандын коомчулугунда да болуп жатат. Бул жерде эгемендик доордо топтолуп калган көйгөйлөр аз күндө чечиле койбойт. Бирок эки тарап тең жалпы кызыкчылык үчүн белгилүү бир деңгээлде өз ара тил табышууга кадам коет. Антпесе, бул маселе чечилбейт. Баарыбыз билебиз, акыркы отуз жылда бул маселелер тээ туу чокусуна жеткен. Эки элдин өз ара достук, саясий, экономикалык, ал тургай тууганчылык мамилесинин бекемделишине да салым кошоруна терең ишенем!

"Азаттык": Маегиңиз үчүн чоң рахмат!

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG