Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Дубнов: Чек ара келишими Борбор Азия үчүн маанилүү окуя


Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

Орусиялык саясий эксперт Аркадий Дубнов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын толугу менен чечүү келишимин коңшулардын ортосундагы мамиленин «эң чоң жетишкендиги» деп сыпаттады.

Эксперт Бишкектин Ташкент менен келишимге Орусия сыяктуу үчүнчү өлкөнүн катышуусуз жетишилгенин баса белгиледи.

- Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда чек ара маселесин 100% чечилди дегенди кандай кабыл алдыңыз? 30 жылдан бери бул маселе эки өлкөнүн мамилесинде көйгөй болуп келбедиби?

- Менин пикиримде, бул абдан мыкты жетишкендик болду. Мен «тарыхый» деп баа берүүнү анча жактырбайм, бирок эгер ошондой айтууну кааласаңар, антсек деле болот.

Чынында эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы буга чейин көкөйгө тийген, татаал, талаштуу чек ара маселесинин чечилиши болуп көрбөгөндөй илгерилөө эмеспи.

Бул постсоветтик Борбор Азиянын акыркы тарыхындагы маанилүү окуялардын бири. Азыркы жагдайда жетишкендик деп, үчүнчү өлкөнүн ортомчулугусуз ишке ашканы абдан чоң мааниге ээ экенин айтат элем. Тагыраагы, эки коңшу өлкө кайсы бир үчүнчү жактын кийгилишүүсү жок эле ак ниети, саясий эрки менен мунасага келе алды.

Бул окуя Кыргызстанда жаңы бийликтин, жаңы президенттин кызматка киришкенинин алгачкы айларында болуп жатат. Белгилей кетчү нерсе, жогорку бийликтеги экинчи киши болгон Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусу менен ишке ашты. Ташиев - учурда өлкөдөгү экинчи адам, расмий айтылбаган тандемдин катышуучусу экенин билебиз. ​

Ташиев: "Жер берилбейт, алмашуу болот"
please wait

No media source currently available

0:00 0:56:39 0:00

- Мамлекеттик чек аранын толук чечилиши жалпы чөлкөмдө кандай өзгөрүүлөргө өбөлгө болот?

- Бул абдан чечкиндүүлүк менен ишке ашкан окуя экенин дагы бир жолу кайталайм. Эгер мындан ары да саясий эркти көрсөтүп, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечсе болот. Биз билгендей, ал жакта акыркы жылдары утур-утур жаңжалдар чыкты. Кырдаал дагы эле курч турат. Бул жагдай Борбор Азия эл аралык чөйрөдө бир бүтүн субъект катары бышып жетилсе болорун түшүндүрөт. Саясий, регионалдык мааниден алганда Борбор Азия мурдагы бир оторчулук империянын калдыгы катары калууну каалабаган чөлкөмгө айланса болорун көрсөтөт.

- Бишкек - Ташкент жер алмашуу менен талаштуу маселени макулдашты. Бирок Кыргызстанда макулдушуу «адилетсиз болуп калды, туура эмес чечилди» деген пикирлер айтыла баштады. Мындай билдирүүлөр чек арада жаңы жаңжалдарга себеп болбойбу?

- Бул келишимдин толук ишке ашуусун үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөр чыгат. Себеби, бул келишим өкмөттөн өтүп, парламентте ратификацияланып, президенттер кол коюшу керек. Дал ушундай аракеттер Кыргызстан тараптан болот деп ойлойм.

Тилекке каршы, кыргыз саясатчылары өзүн "патриот көрсөтүш үчүн" бардык айла-амалды колдонуудан кайра тартпайт. Мунун натыйжасында олку-солку жагдайлар болуп, коңшулар менен мамилелер начарлаганы эсибизде. Ошондуктан, мен саясатчыларды мындай билдирүүлөрдөн алыс турууга чакырат элем. Болбосо анын кесепети жалпыга тийип, жакшылыкка алып келбейт.

XS
SM
MD
LG