Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Орусияда 1500 дарыгер Навальныйга медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын саясий жетекчилигине жана Жаза аткаруу федералдык кызматынын дарегине жазылган кайрылууда дарыгерлер абактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйга медициналык жардамды камсыздоо маселеси коюлду.

Интернеттеги социалдык медиада петиция катары кабыл алынган кайрылууга кол топтоо өнөктүгү улантылууда. Бул тууралуу Орусиядагы "The Insider" басылмасы жазып чыкты.

Кайрылууга кол койгон дарыгерлердин айрымдары Алексей Навальный Сергей Магнитскийдин тагдырын кайталап калышы мүмкүн экенин, анын саламаттыгы жана өмүрү үчүн тынчсыздануусун айтышкан.

Абактагы саясатчы Алексей Навальный 31-мартта ачкачылык жарыялады. Алексей Навальный мекеменин жетекчилигин мыйзамды аткарып, ага чакырылган дарыгерди киргизүү талабы менен ачкачылык кармаганы тууралуу билдирүүсүн анын адвокаттары жарыялашты. Билдирүү саясатчынын "Инстаграмдагы" баракчасына чыкты:

“Мен дарыгер чакырып, дары-дармек алганга укугум бар. Бирок мага анысын да, мунусун да беришпей жатышат. Белимдин оорусу бутума өтүп кетти. Башында оң бутумдун, азыр эми сол бутумдун айрым жерлери сезгичтигин жоготту. Тамаша-тамашасы менен, бирок бул менин чыдамымды кетирди ”.

Оппозициячы ага медициналык жардам бергендин ордуна түрмө башчылыгы анын түн уйкусун алып жатканын кошумчалаган. Анткени саясатчы абак күзөтчүлөрү анын камерасына бир түндө сегиз жолу кирип, ойготуп жатышканын, анын азыр абак жайында ачкачылык кармагандан башка, өзүн коргой турган куралы калбаганын билдирген.

Навальный былтыр жайында ууланып, Германиядан дарыланган. Берлинден Москвага учуп келери менен быйыл январь айында кармалып, камакка алынган.

XS
SM
MD
LG