Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:27

COVID-19: Бишкек менен Чүйдө ооругандар көп


Ноокен районундагы мекемелердин бири. Коронавирус коркунучуна байланыштуу илинген эскертмелер.
Ноокен районундагы мекемелердин бири. Коронавирус коркунучуна байланыштуу илинген эскертмелер.

Кыргызстанда 2-апрелге карата дагы 162 адамдан коронавирус табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаары (112) менен Чүй облусунда (39).

Акыркы бир күн аралыгында өлүм катталган жок. Соңку бир суткада мурда ооругандардын 82си сакайды.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, илдет жуккандардын расмий саны 88 700гө жетип, алардын 85 миңдейи сакайды. Илдет 1,5 миң бейтаптын өмүрүн кыйды.

Ооруканада жаткандардын арасынан 24 бейтаптын абалы өтө оор, 112си оор, дагы 426сы орточо оор абалда деп мүнөздөлүүдө.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июлда курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында көз жумгандар катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган. Марттын этегинде илдет кайрадан көбөйдү.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалымат базасы көрсөткөндөй, дүйнөдө Covid-19 илдетине кабылгандар 2-апрелде 129 миллион 500 миңден ашты. Алардын 2 миллион 827 миңге жакыны өлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG