Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Саламаттык сактоо министрлиги Бахтияр Шакировдун вакцина алганын төгүндөдү


Бахтияр Шакиров
Бахтияр Шакиров

Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Бахтияр Шакиров коронавируска каршы вакцина алгандан кийин көз жумду, деген маалымат туура эмес. Мурда тараган мындай кабарды Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги расмий төгүндөдү.

Министрликтин басма сөз кызматы 2-апрелде билдиргендей Шакировдун аты-жөнү эмдөөдөн өткөн кишилердин реестринде болгон эмес.

Республикалык соттук-медициналык эксертизанын баштапкы маалыматына ылайык маркумдун денесинде вакцина алганын тастыктаган белгилер табылган эмес. Акыркы тыянак 14 күн аралыгында чыгат.

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орунбасары, 39 жаштагы Бахтияр Шакиров кечээ - 1-апрелде кайтыш болду.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин мурдагы кеңешчиси Елена Баялинова ал Covid-19 илдетине каршы вакцина алганын маркумдун жакындарына таянуу менен "Фейсбукка" жазган.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Шакировдун көз жумганын "Азаттыкка" билдирип, бирок вакцинага байланыштуу комментарий берген эмес.

Кыргызстан коронавируска каршы эмдөөнү 29-мартта Кытай берген SinoPharm вакцинасы менен баштаган. Планга ылайык биринчи этапта медкызматкерлер, күч кызматкерлери, мугалимдер жана соцкызматкерлер эмделет. Дипломатиялык мекеме өкүлдөрү бул тайпага кирбейт.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги чындыкка дал келбеген маалымат тараткандар Кылмыш кодексине ылайык жазага тартыларын эскертти.

Кыргызстанда коронавирус жуккандардын расмий саны 88 миңден ашып, өлгөндөр 1500ге жетти. (SE)

XS
SM
MD
LG