Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Депутат Кумтөрдө чалгындоого бөлүнгөн 20 млн. доллар боюнча текшерүүнү сунуштады


Кумтөр кени. Архивдик сүрөт.
Кумтөр кени. Архивдик сүрөт.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев аталган кенде геологиялык чалгындоо үчүн бөлүнгөн 20 миллион доллар каражаттын кандай жумшалганын текшерүүнү сунуштады. Иманалиев мындай демилгени 1-апрелдеги комиссиянын кезектеги жыйынында көтөрдү.

«Каржат каралса, толугу менен жумшалса, анан кошумча алтын табылбаса, кандайдыр бир тийиштүү чаралар көрүлүшү керек да», - деди депутат.

2019-жылы октябрь айында ошол кездеги өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев менен канадалык «Центерра Голд» компаниясынын жетекчилиги жолугуп, 2020-жылы Кумтөрдө геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө 20 миллион доллар жумшоо пландалып жатканын билдирген.

Парламенттин басма сөз кызматынын кабарлашынча, комиссия Бишкек, Кара-Балта шаарларындагы алтын аралашмаларынын анализин чыгарган лабораторияларына барып келди. Комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров тоо-кен тармагына заманбап жаӊы технологияларды колдонуу зарылдыгын белгиледи. Жапаров «Центерра Голд» компаниясы 2014-жылдан бери отчётторун англис тилинде бергендиктен, текшерүүдө кыйынчылыктар жаралганын айтып, кыргыз өкмөтүнүн өкүлүнө кийинки отурумга Кумтөр алтын кенинен түшкөн каражаттардын жумшалганы тууралуу маалымат даярдоо тапшырмасын берди.

«Каражат жумшалып кеткен дедиӊер. Эми анын кандай документтердин негизинде жумшалганын аныктап бергиле» - деди Жапаров.

Кумтөр алтын кени боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн мамлекеттик комиссия 18-мартта өндүрүштү жеринде көрүп келишкен. Мамлекеттик комиссия өз ишин эки айдан кийин жыйынтыктайт. Депутаттардан куралган мамлекеттик комиссия Кумтөр кениндеги экологиялык жана экономикалык маселелерди карап жатышат.

Кумтөр - Кыргызстандагы эң ири алтын кени. Аны канадалык «Центерра Голд» компаниясы иштетет. Компаниядагы Кыргызстандын азыркы үлүшү 26% түзөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG