Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Чек ара кызматы: “Чалдыбардагы” абал боюнча териштирүү жүрүп жатат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы “Чалдыбар” өткөрмө бекетинде 1-апрелде жүк ташуучу автоунаалардын өтүшү жай болууда. Кечки саат 17:30ка карата 30 чоң машине топтолуп калды.

Учурда Кыргызстан менен Казакстандын Чек ара кызматтарынын өкүлдөрү жүк ташуучу автоунаалардын шыр өтүшүнө эмне тоскоол болуп жатканын териштирүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптан жүктүн өтүшүнө эч кандай чектөө киргизилген эмес.

“Чалдыбар” өткөрмө бекетинде автоунаалардын тыгыны пайда болгонун социалдык тармактардын колдонуучулары да жазып жатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG