Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” бекеттери жүргүнчүлөр үчүн ачылды


Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жана Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров. 2021-жылдын 1-апрели.
Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев жана Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров. 2021-жылдын 1-апрели.

Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавын бул өлкөнүн негизги аймагы менен байланыштырган Сох – Риштан жолундагы “Кайтпас” жана “Өтүкчү” чек ара бекеттери ачылды.

Бүгүн, 1-апрелде бекеттердин расмий ачылышына кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев, Өзбекстандын Фергана облусунун акими Хайрулло Бозоров, эки өлкөнүн күч органдарынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Чек ара бекетинин ачылышына катышып жаткан тургундар. 2021-жылдын 1-апрели.
Чек ара бекетинин ачылышына катышып жаткан тургундар. 2021-жылдын 1-апрели.

“Азаттыктын” кабарчысы Жеңиш Айдаров жеринен маалымдагандай, мындан ары ал жактан жүргүнчү ташыган автоунаа жана жөө жүргүнчүлөр күндүз өтө алышары, оор жүк ташуучу автомашиналар азырынча өтпөй турганы айтылды.

Фергананын жетекчиси Бозоров “Азаттыкка” Сохто эч кандай чектөө болбой турганын, эки өлкөнүн жарандары тоскоолдуксуз өтө аларын билдирди.

Сох – Риштан жолу 2013-жылы Чарбак окуясынан кийин Кыргызстан жактан бир тараптуу жабылган. Анын натыйжасында Сох анклавынын тургундары Өзбекстандын негизги аймагына барып-келүү үчүн 80 чакырымдай жол басып, Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарына жакын жайгашкан “Пүлгөн” чек ара өткөрмө бекети аркылуу бир топ жерди айланып өтүшчү.

Буга чейин Кыргызстандын жарандары үчүн бул жол аркылуу транзиттик каттамга чектөөлөр бар болчу.

2019-жылы сентябрда жол бир саатка ачылып, кайра жабылган.

Чек ара бекетинин ачылышы. 2021-жылдын 1-апрели.
Чек ара бекетинин ачылышы. 2021-жылдын 1-апрели.

Баткен облусунун Кадамжай районунда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Өтүкчү” Сохко кире бериштеги, ал эми “Кайтпас” Өзбекстандын негизги аймагына кирүүчү бекет.

Быйыл 24-25-мартта Ташкентте Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиянын жыйыны өтүп, жыйынтыгында протокол кабыл алынган.

Бул сүйлөшүүлөргө Кыргызстандын атынан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жетекчиси Камчыбек Ташиев катышкан. Ал 1-апрелден тартып адамдардын, жеңил автоунаалардын жана кичи автобустардын (20 орунга чейин) өтүүсү үчүн «Кайтпас» жана «Өтүкчү» өткөрүү пункттары ачылмай болгонун айткан. Ошондой эле Өзбекстан «Кара-Суу», «Бек-Абад», «Ынтымак», «Кең-Сай» жана «Сейдикум» өткөрүү пункттарын калыбына келтирүү иштерин жүргүзмөй болгонун, кийин даяр болгондо ал пункттар да ачыларын билдирген.

Ошондой эле Ташиев кыргыз-өзбек чек ара маселеси 100 пайыз чечилгенин айткан. (JsA)

XS
SM
MD
LG