Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Экс-депутат Аманкулов мамлекетке 50 миллион сом төлөдү


Марат Аманкулов.
Марат Аманкулов.

Мыйзамсыз баюуга шектелген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Марат Аманкулов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) депозиттик эсебине 50 миллион сом которду. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, анын мамлекетке келтирген зыянынын калган бөлүгү тергөөнүн жүрүшүндө так аныкталгандан кийин төлөнөт.

УКМК Марат Аманкуловго Кылмыш-жаза кодекстин 323-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен из козгоп, сотко чейинки өндүрүш баштаганын 19-мартта кабарлаган.

Тергөө учурунда депутат саясий ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кымбат баалуу мүлктөргө ээ болуп, анын жалпы суммасы расмий кирешесинен бир нече эсе жогору экени такталганын жарыялаган.

Мындан тышкары көмүскө активдерин жашыруу үчүн, аларды жакын туугандарына жана кирешеси расмий тастыкталбаган, байланышы бар адамдарга каттатканын айткан. Тизмеде соода жана көңүл ачуучу комплекстери, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, «Каприз» борборундагы коттеж, 3 чоң үй, жогорку класстагы 5 автоунаа бар. Бул активдердин жалпы баасы 1,5 миллиард сомдон ашык.

Атайын кызмат депутат 2008-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаардык кеңешиндеги жана Жогорку Кеңештеги саясий таасирин колдонуу менен активдерин кыйла көбөйткөнүн божомолдоп жатат.

Аманкулов мурда ишкер болуп жүргөн. 2012-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынан (КСДП) Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп келип, төрагалыкты да аркалаган. Ушул эле партиядан 2015-жылы Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайланган.

2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Биримдик» партиясын жетектеп чыккан. Октябрь окуяларынан натыйжасында өлкөдө бийлик алмашкан соң лидерликти тапшырган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Аманкуловду мандатынан 1-апрелде ажыратты. (MiK)

XS
SM
MD
LG