Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:26

2-апрелдин аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

2-апрелде түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу жерлеринде кар жаайт.

Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу аймактарында кар жаайт, калган жерлерде жаан-чачын жок. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.​

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 3…8;

Талас жергесинде түнкүсүн -5...-10, күндүз 2…7;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, кээ бир жерлерде -1...-3 үшүк жүрөт, күндүз 8…13;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;

Нарында түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…+2;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -23…-28, күндүз -7…-12 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаайт, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градус жогору болот.

XS
SM
MD
LG