Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:06

«Жарандык көзөмөл комитети» Гүлбара Калиеванын ишин саясий кысым деп баалап, БУУга кайрылды


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Кыргызстандын «Жарандык көзөмөл комитети» уюму Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеванын кызматтан четтетилишин бийликтин сот системасына карата болуп көрбөгөндөй кысымы деп атады.

Уюмдун 1-апрелде жарыяланган билдирүүсүндө мамлекет кооптуу абалга кептелгени, «президент менен депутаттар көз каранды эмес сот системасын жок кылганы - мамлекеттүүлүктү жок кылууга барабар экени" белгиленген. Мунун кесепетинен мамлекеттин адам укуктарын жана мыйзамдуулукту коргоосу начарлап, оор кесепеттерге алып келиши ыктымалдыгы айтылды.

Буга байланыштуу аталган уюм Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) агенттиктерине кайрылды. Кыргызстан соттордун көз каранды эместик принциптерин бузуп жатканын, себеби Жогорку соттун төрайымы кызматтан жасалма кылмыш ишинин негизинде алынганын, Гүлбара Калиева коомчулуктун ишенимине ээ экенин жана ал сот органдарындагы коррупцияга каршы күрөшкө зор салым кошконун белгиледи.

Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары 1991-жылы бул уюмдун бир катар пакттарына өз эрки менен кошулган.

Президент Садыр Жапаровдун Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотуу тууралуу сунушун 31-мартта парламент колдоп берген.

5-мартта сот кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чарада сүйлөп жатып Жапаров тармактын абалы жана аброю төмөндөгөнүнө судьялар өздөрү күнөөлүү экенин айткан. Сот бийлигинин өкүлдөрү буга комментарий берген эмес.

Калиевага карата кылмыш иши козголгонун, ал санарипке өтүү долбоору боюнча жемкорлукка барганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет быйыл февраль айында жарыялаган.

Калиева мындай айыптоолорду четке каккан. (RK)

XS
SM
MD
LG